Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору. Мирлан Бакытович Калдыбаев
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев страница 9

СКАЧАТЬ кетип, көзү тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам жасай албай каккан казыктай туруп калат.

      Кызыын келгенин билген дыйкан: «Топчумду чеч!» – деп айтууга гана араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты «Топчу» экен. Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.

      Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи көөп, жарылып өлөт экен.

      Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала- бакырасы менен аман- эсен оокатын кылып жатып калган экен.

      ОТУНЧУ ПАДЫША

      Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп «эки бакыр, бир тукур» болуп оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын кубанычы менен жылаңач- жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.

      Султаналы үй- бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн «өлбөс оокат, чыкпас жан» дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип калаага сатуучу экен.

      Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду карата көп ойлорду ойлоп баш катырды. «Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Демек экөөбүз тең картайдык. Артыбызда керки, чотту жыйнап, атыбызды өчүрбөй турган тукумум Мырза бар. Жалгызымдын колун адалдап коюуга кудуретим келбеди. Атаганат!» – деп далай жерге келип калганын да өзү билбей калыптыр.

      Отун алуучу жеринде эмне кыларын билбей, «урушарга жоо таппай, урунарга тоо таппай» жолдун боюнда сары сан болуп терең ойго батып отуруп калат. Бир убакта ордунан ыргып туруп артын көздөй жөнөйт. Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: «Кой, аздан акча жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын» деп кызык кыялга батты.

      Жолдо келе жатып көздүн жоосун алган сонун куурайларга көзү түшөт. Ана- мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап турган куурайларды оро баштады. Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү. Бир маалда эптеп дөңгө сүйрөп жеткирип, чарчап алы кеткендиктенби, аны ордунан кайра жылдыра албады.

      Бүткөн бою суу болуп, өзү кара терге түштү. Көтөрө албайт, көтөрүп тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Бир туруп ызаланып, бир туруп капаланды. Кандай жеткирүүнүн амалын таппай, казыктай болуй жолду карап туруп калды.

      Жолдон өтүп бараткан жолоочу көрүп- билип тургансып Султаналынын кыжырын кайнатып суроо берди. Ал жини келип:

      – Көзүң көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо эмнеге куру сүйлөйсүң, – деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.

      – Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды, балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын. Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн СКАЧАТЬ