Название: Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору
Автор: Мирлан Бакытович Калдыбаев
Издательство: Издательские решения
Жанр: Книги для детей: прочее
isbn: 9785449093714
isbn:
АКЫЛ КАРАЧАЧ
Илгерки заманда Каракан деген кан болуптур. Бир күнү Каракан өзүнүн кол астындагы элдерди чакырып алып:
– Менин сурай турган үч суроом бар. Ошол суроого жооп берген адамга ат башындай алтын беремин, – деп өзүнүн карамагындагы элдерге кабар кылат. Кандын мамлекетиндеги эл чогулгандан кийин:
– Биринчи, дүнүйөдө эмне таттуу? Экинчи, дүнүйөдө эмне катуу? Үчүнчү, дүнүйөдө эмне оор? – деп элге суроо берет.
Ошондо бир балыкчы чал:
– Мен табамын сурооңузду. Убадаңызды бузбасаңыз менин бир Карачач деген кызым бар, мен үчүн ошол айтып берсе болобу? – дейт.
Андан Каракан:
– Сиз үчүн кызыңыз айтып берсе болот, – дегенден кийин, экинчи күнү балыкчы чал кызын ээрчитип келет.
Кыз:
– Таксыр каным, «кандын суроосуна жооп бер», – деп атам ээрчитип келди, сурооңузду айтыңыз, жооп берейин, – дейт. Кан баягы cуроолорду берет. Карачач ойлоно калып чечмелеп кирет.
– Балдан ширин – жигиттин алган жары, таштан катуу – жокчулук, жокчулуктун зары. Чын убададан – оорду көрө албадым! Мен деңиздин жээгиндеги балыкчы чалдын кызымын. Картаң ата- энемдин менден башка баласы жок. Атамдын балыктан башка күндөлүк тапкан табышы жок. Мен атама жардам берип, деңиздин жээгинде атам менен жүрөмүн. Атам чал, энем кемпир, экеө мени «кызым, сенден башка көрөр күнүбүз, жыттар жытыбыз жок», деп дайыма мага жалынып, экөө ортосуна алып жатышат. Атам менен энеме менден жакыны жана аларга менден ысык нерсе жок экен го деп ойлочу элем. Эртең менен ойгонгондо карасам, мен четте жатып каламын, ошону көрүп бала канча жакшы, абдан ысык болсо дагы, эри менен аялдан жакын» боло албайт экен го деп ойлоймун.
Экинчи жокчулук таштан катуу экен деп айтканым, кайсы бир убактыңарда атам балыктын чабагын да ала албай, үйгө сабыры суз кайтат. Ошол убактыларда, үйгө атамдын курбу курдаштары келип калганда, тамак бере албай, «айжокчулук» деп, капаланып олтурган күндөрү болучу. Ошондуктан, жокчулук таштан катуу экен го деп ойлоймун.
Үчүнчү, убада оор дегеним, ушуну менин айткан сөзүмө сиз убада кылып, убаданы буза албай мага ат башындай алтынды бергени турасыз. Ошондуктан, барыдан убада оор экен деп ойлоймун.
Ошондо кан: «Суроомө туура жооп берди», деп убадасы боюнча кызга ат башындай алтынды берген экен. Андан кийин кан кызга:
– Үч күндөн калтырбай атаңды мага жибергин. Сен убаданын СКАЧАТЬ