Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору. Мирлан Бакытович Калдыбаев
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев страница 7

СКАЧАТЬ артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат. Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол үйдө калат. Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт. Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп тамак ичип, адам болуп калган экен.

      ҮЧ КЫЗ

      Илгери-илгери бир кишинин үч кызы болуптур. Улуусу күзгүгө каранып отурганды жакшы көрсө, ортончусу таранганды сүйөт. Кичүү кызы куурчагына кийим тигүү, менен алек болот. Күндөрдүн бир күнү энеси кыздарды карагат терип келүүгө жиберет. Үчөө үч баштык алып, карагат терүүгө женөйт.

      Карагат калың өскөн жерге келишип, а дегенде кызыгып жешет. Бир аздан кийин тиштери камалып, карагат жегиси келбей калат. Анан баштыктарына тере баштайт. Толоюн деп калганда шагылга улам бири төгүп алып, кайра терип отурат, кыздар кеч киргенин байкабай калат. Күн батканын акыры байкашып, кыздар үйүн көздөй жол тартат. Бир аз баскан соң караңгы кирип, үй кайда экени билинбей калат. Кыздар коркуп, ылдыйлап басып келе жатса, үлпүлдөп күйгөн жарык көрүнөт. Ошол жарыкка бет алып үчөө жүрө берет, жүрө берет. Чарчап-чаалыкканда акыры жарык күйгөн жерге да келип жетишет. Жыртык-тешиги көп жаман үйгө кирип келишсе, босогонун бир жагында турган соку, экинчи жагында турган сок-билектен башка эч нерсе көрүнбөйт. Коломтодо жылтырап от күйүп турат, оттун жанында саксайган бир кемпир отурат. Ал кыздарды көрө коюп:

      – Ырас келбедиңерби, отургула. Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, -дейт.

      Анын кейпин көрүп, сөзүн уккан кыздар коркконунан очоктун жанына отура калышат. Анда баягы кемпир: «Сен үйдүн үстүндөгү чамгаракка чыгып, эки жакты карап жат», -деп кыздардын улуусун ал жакка жиберет. «Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт», -деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Кыздардын кичүүсүнө: «Сен кичинекей экенсиң, мен өз койнума алып жатайын, чачыңдан жыттап, көңүлүмдү ачайын», -деп айтат.

      Кичүү кызды койнуна алып жатып баягы жез кемпир чачын жыттамыш болуп кыздын канын соро баштайт. Ошентип жатып баягы кыз да, кемпир да уктап калат. Чамгаракта жаткан улуу кыз эки жакты карап көрүп, башка жакка адашып келгенин, саксайган неме жөн кемпир эмес, жез кемпир экенин билет. Акырын түшүп келип туурдук менен чийдин ортосундагы сиңдисин бошотот. Анан кичүү сиңдисине келишип, акырын караса, СКАЧАТЬ