Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору. Мирлан Бакытович Калдыбаев
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев страница 6

СКАЧАТЬ дөңдү айлана качкан кызыл түлкүнү көргөн бүркүт анын артынан түшөт. Бүркүттү көргөн түлкүнүн да айласы кетип, кайда качарын билбей, туш келди чуркап отуруп эски конуштун ордуна туш келет. Ары чуркап, бери чуркап, баары бир бүркүттөн кутула албасына көзү жетип, айласын таппай турганда, эски журттун четиндеги казыкты көрө коюп сүйүнүп кетип, ажалдан арачалап кала турган нерсе табылды дегендей дароо казыкты эки бутунун ортосуна кыпчый чокчойуп отуруп берет.

      Куу түлкүнүн оюн түшүнбөгөн эр көкүрөк бүркүт бир аз бийиктей түшүп, анан түлкүнү карай шукшурулуп жөнөйт. Түлкү эч кыймылсыз бүркүттүн зуулдап келе жаткан кебетесинен көз албай тура берет. Бүркүт мына чапчып аларда булт этип казыктан чыга берет. Күү менен келген алгыр бүркүт кайра кайкып кетерде казыктын учу ичин жарып, ошол жерде мүрт өлүмгө туш болот.

      Бүркүттүн артынан чаап келе жаткан мүнүшкөрдү шылдыңдагандай куу түлкү чокчойуп тура калып, анан ылдыйкы токойду көздөй зымылдап жөнөй берди. Ошентип куу түлкүнүн оюна түшүнбөй бүркүт бөөдө өлгөн экен

      СУЛУУ КЕЛИН

      Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит: Медийнанын беш бурчун, Беш айланып кыдырат. Төгөрөктүн төрт бурчун, Төрт айланып кыдырат. Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат. Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу келин олтурат. Жигит ойлоно калып: «Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын бүктөп олтура калып:

      – Экөөбүз баш кошсок кандай болот? -деп сулуу келинге кеп салса, ал макул болот. Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.

      Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай баштайт. Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:

      – Ай, сенин өңүң эмне саргарат? -дейт. Аңда берки жигит:

      – Билбейм! -деп жооп берет. Анда дос житити:

      – Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес, карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул шаарды сордурасың, -дейт. Сулууну алган жигит ишенбейт: «Кантип эле ажыдаар аял болуп калсын», -деген ойго келет. Анда берки дос жигити:

      – Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз, -дейт. – Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин убалына калба, -дейт.

      Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып, аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз. Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:

      – Сенин айтканың чын экен, -деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат. Анда досу:

      – Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт СКАЧАТЬ