Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору. Мирлан Бакытович Калдыбаев
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев страница 10

СКАЧАТЬ койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.

      – Кемпирим эмне жегиң келет? – деп жалт карады. Умсунай:

      – Сары майга бышырылган каттама болсо!

      – Мен да ошону каалаймын, – дей салды Султаналы. Ичинен сары майга бышырылган каттама чык, – деп тасторконду ачты эле, тасторкон толду, өлгөнчө жеп тоюшту.

      Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.

      Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду. Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан чыгарып жатыптыр, «ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен, билинбес бекен», деп нанды алды дагы, тыяк- быякка карап көрдү. Бир аз басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.

      Султаналы дагы сынап, бир киши алма сатып отурган жерден алмасын алды эле, эч ким көрбөдү. Андан ары бал саткан жерге келип, оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады. Бирок такыр адамдын көзү чалбады.

      Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: «Бул адамдын акчасын алайын» деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала берди. Бул дагы көргөн жок.

      Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын санап туруптур. «Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча», деп анын дагы акчасын, алды.

      Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт. Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.

      Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр – тилеген пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы апың- упуң кылды.

      Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың кылышып шермендеси чыкты.

      Сыйкырдуу бешмант менен аман- эсен Султаналы үйүнө келип болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.

      Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: «Эми саканы сынайынчы», деп үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү. Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып көрдү.

      Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү. Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: «Умсунай муну жакшы көрүүчү эле», – деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып келди.

      Умсунай «жеп коеюн» деп, оозуна салаары менен мышык болуп мыялап калды.

      Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып, эмне кыларды билбей жалдырап турду.

      «Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым», деп кокуйду үстөккө- босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар, жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды СКАЧАТЬ