Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору. Мирлан Бакытович Калдыбаев
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бөбөктөр үчүн. Кыргыз эл жомоктору - Мирлан Бакытович Калдыбаев страница 3

СКАЧАТЬ style="font-size:15px;">      Болгон дагы чу коюп жөнөйт. Жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп астындагы аты жүрбөй эмне кыларын билбей, шаштысы кетип, эси ооп турганда баягы Карышкырдын жүнү эсине түшөт.

      Болгон карышкырдын жүнүн күйгүзөт, ошо замат Карышкыр пайда болот. Аңгыча тишин кайрап баягы желмогуз кемпир да жетип келет.

      Болгон Карышкырга:

      Жанымды жакама келтирип, мени кысып коркуткан ушул, -деп желмогуз кемпирди көрсөтөт.

      Карышкыр кемпирди өлтүрүп, Болгонду ажалдан аман алып калат. Болгон Карышкырга алкыш айтып, үйүнө конокко чакырат. Карышкыр конокко барбай, башыңа кыйынчылык иш түшсө чакыр деп, коштошуп жолуна түшөт. Ошентип Брлгон ажалдан кутулуп эли кашында, бак-дөөлөтү башында болуп муратына жетиптир.

      АРМАН АЙ

      Илгери, илгери бир карыя киши басса-турса эле «арман ай» деп жүрчү экен. Бул карыянын топ бузар курдашы болуптур. Бир күнү ошол курдашы:

      – Сен дайыма эле «арман ай» деп жүрөсүң, эмнеге арман кыласың? Бала-чакаң бар, төрт түлүгүң шайма-шай, – деген экен.

      Ошондо карыя:

      – Менин арманымды уга турган болсоң балдарыма айткын, элди чакырып тамак берсин, арманымды ошондо айтам, – дейт.

      Курдашы карыянын айткан сөзүн анын балдарына айтат. Балдары бээ союп, элге тамак берет. Ошондо карыя:

      – Мен жашымдан жетим калган элем. Жыйырма жашымдан бир байдын малын кайтарып оокат кылып жүрдүм. Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет. Бай кыжырына чыдай албай, мени төөнүн чылгый терисине салып, анын оозун тарамыш менен тигип, бир жерге алып барып таштайт. Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү.

      Эл жайлоого көчкөндө бай мени бир төөгө тең кылып артты да, бир келинге жетелетип койду. Мен жүктү улам бир жагына салмагымды салып оодарып коёмун, келин улам оңдоп коюп жүрүп отурду. Ошентип келин аябай убара болду. Көч узап, келин артта калды. Кеч кирип кетти окшойт, келин мени таштап, төөсүн жетелеп кетип калды.

      Мен эми: «Жырткычтар жеп кетеби?» – деп аябай коркуп, калтырап жаттым. Бир маалда нөшөрлөп жамгыр жаады, чылгый тери бошоп шалбырады, тарамыштын тигишинен үзүп, териден түн ортосунда чыктым. Карасам, бир үңкүр турат. Ошондо түнөп, эртең менен карасам, аябай жакшы кийинген бир мырза келатат. Аны көрүп кайра үңкүргө кире качтым.

      Бир маалда жигит ал үңкүргө келип:

      – Үңкүрдөгү адам бери чык! – деди.

      – Жылаңачмын, уялып турам, баатыр, – дедим мен.

      – Жылаңач болсоң ушул үңкүрдөн чыкпай тургун, мен сага кийим алып келип берем, – деп ал чапкан бойдон кайра кетти.

      Күн чыгаарда бир таңгак кийим алып келип берди. Кийимди кийип үңкүрдөн чыксам бир жаш, сулуу жигит турат. Ал:

      – Сен эмне болуп жүргөн адамсын? – деп ал-жайымды сурады. Мен төкпөй-чачпай бардыгын айтып бердим. Мени жоргосуна учкаштырып алып, бир байдыкына алып барды да, байга:

      – Бул СКАЧАТЬ