Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын Урпагы. 3 китеп - Кадыр Абакиров страница 7

СКАЧАТЬ эгем, мен десең ушул пендеге жардам бере көр! Анын жүрөгүндө уялаган жаманчылыкты акырын айдап чыгып, кайра тазалыктын, аруулуктун шооласын кийре көр! Адам пендеси алданып, жаманчылык жакка, арамзаалыкка да барат. Жараткан Эгем, анын жүрөгүндөгү жаманчылык такыр калбай жылт этип учуп кетсин. Тазалыктын ак жарыгы анын жүрөгүнө кирсин! Анын жүрөгү ошол жакшы нур менен бактылуу болуп нурданып турсун! Ошону адамдар көрүп кубансын. Бир пенденин жүрөгү жакшылык нуру менен чулганып башкаларга бакытты чачсын. Жаратканым ошол ойду кабыл кылып ага бакытты чач! Адам пендесинин өмүрү аз эле, ошонусу армандуу, ошонусу капалуу. Жер үстүндөгү баардык адамдар бактылуу болсо гана

      ***

      Ойдо, тоодо кайың барбы,

      Кыргыз балта чаппаган.

      Кокту, белес, сайың барбы,

      Кыргыз сөөгү жатпаган.

      Байыркы кыргыз эл ыры

      АК БАТА САПТАРЫ

      Артыбызда калдайып

      Тескей бийик тоо турат.

      Алдыбызда бет жайып,

      Атактуу күнгөй бу турат.

      Үстүбүздө көрүнүп,

      Төбөсү бийик көк турат.

      Алдыбызда көшүлүп,

      Төшү түктүү жер уктайт.

      Эки тоонун ортосу,

      Элетте пейпил жашаган,

      Берешен жана бай келген,

      Беккулу атадан тараган,

      Көп учурду турактап,

      Көнөчөк айлы бу турат.

      Ата баба арбагы,

      Айдыңдуу элин коргосун!

      Элинин пейли ток болуп,

      Эгем өзү жылоолосун!

      Маанайына бийик жараткан,

      Манас ата бар болсун!

      Кыртыштуу жерден чогулткан,

      Кырманына дан толсун.

      Сапырылтып бышканда,

      Сабасында саамал болсун.

      Сайроонунан жарышып,

      Сабалаган суу аксын.

      Очок эне алоолонткон,

      Коломтодон от кетпесин.

      Жолдошубуз Кыдыр болуп,

      Жолубуз ичкербесин.

      Байгамбардын батасы,

      Бай менен жалчыга,

      Байымы болуп бир тийсин.

      Чогултуп баккан койлорун,

      Чолпон ата колдосун.

      Камбар ата карышкырды,

      Кабалаңда жолотпосун.

      Баба дыйкан, Жер Эне,

      Ата турган таң тоссун.

      Ага -тууган арыздашпай,

      Ар дайыма бар болсун.

      Кыйын күндө оомат кетип,

      Кырсык капшап жолобосун.

      Куу турмушка бир келдик,

      Курсагыбыз ток болсун.

      Кыдырып жүргөн көңдөйдү,

      Кыдыр Алей Салам бар.

      Жаралгандан ак үмүт,

      Жар СКАЧАТЬ