Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын Урпагы. 3 китеп - Кадыр Абакиров страница 6

СКАЧАТЬ дагы амандык. Өзүңөрдү ойлобой калайыкты ойлогула! Ар дайыма түз жолдо болгула! Айланайын Көкө Теңирим! Түбү түктүү ыйык Мекеним! Жаратканды сыйлаган сыяктуу пенделердин эмгегин, күч-кубатын, мэримдүүлүгүн, тазалагын баалайлы. Жакшылыкты баалайлы, урматтап сыйлайлы. Ааламда мен жалгыз эмесмин. Мен сыяктуу силер да жалгыз эмессиңер. Бири-бирибизге ак үмүт каалап, бир бололу! Биримдиктен бакыт жаралат. Элди бакыт аралайт. Мендеги бакыт элдики, элдеги бакыт меники. Эркин соккон тоо-талаанын шамалы, мага бакытты алып келгиле! Мендеги жакшылыкты башкаларга да бергиле! Ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ак кар баскан Ала-Тоосунда кылымдар боюу көч көчүрүп келетат. Көчүргөн көчү башка элден артта калбасын. Манас атанын арбагы сактасын! Эл аман болуп, журтка

      жаманчылык келбесин. Бул китепти жазаарда жараткан кудайыма жалбарып алайын. Бул китепти жаздым. Аны ким окуйт; ким окубайт, ал тагдырдын иши. Бул китепти кантип жазбай коёмун. Киндик каным тамган жерди кантип унутайын. Эки тоонун ортосундагы айылымды кантип унутам. Караандары далдайган, элеси жүрөгүмө сиңип калган, Иймек, Котур-Төр, Арпа –Тектир, Ат –Жайлоо, Чоң-Таш жана башка жерлерди кантип унутам. Ошол жерде өнүп-өскөн жердештерими эстегенде, бул китепти окуганда алардын элеси көз алдыма даана тартылып келет. Тартылып келе берет.

      ***

      Элдин көзү мени көрүп турат. Менин көзүм да элди көрүп турат. Мага кээ бириңер жакшы бакыт кааладыңар, аныңарга ырахмат. Жаманчылык санасаңар аныңарга капа болбойм, колуңардан келгениңер ошол экен. Ар бир пенде пейлинен тапсын. Туулган жерде эгин сугарып, мал бактым. Анын адыр түзөңүн кыдырып, кубат алдым, сергип калдым. Эл сыяктуу жашайын деп, үй салып, дарак тиктим. Дарагым мөмө байлады, куш конуп сайрады. Сыйкырдуу үндөрдү угуп, ырахаттандым. Дарактын мөмөсүн балдарым колун сунуп жеди. Аш болсун, самаганым ошол болчу. Бул дүйнөнү байкап ыр жаздым, самаганым ошол болчу. Ар бир пенде колунан келгенин аткарганы парз окшобойбу. Адамдарга аз эле өмүр берилет экен. Ошонусу арман тура. Ошол өмүрдө бир нерсени калтырып кетейин деп бел байлай чыктык. Биз өмүргө бир келген жолоочу экенбиз. Жолоочу жөн кетпей бир жакшы нерсени бүткөрүп кетсин. Анын жашоодогу парзы ошол окшойт. Жолдо бараткандар каңгырап бош кетпей, бир жакшы иш бүткөрүп кетсин. Өзүнүн өмүрүнүн бош кеткенин эстеп, капага батып азап чекпесин. Ошону эстесин. Кулагыма сыйкырдуу үн угулду, ата бабанын үнүн эшиттим. Туулган жер балалык өткөн аймакты карап, көзү өтүп кеткен жакындарымды, жердештеримди эстеп кайрадан-кайра ойго батам. Аларды эске салбаганда эмне кылат элем. Бир өмүр аяктаганда алардын катарына биз да барып кошулабыз. Жаратканымын мыйзамы ошондой, аны бизден сурап отурбайт. Аз өмүр калдыбы, же көп өмүр астыдабы, аны бир кудайым билеер. Тагдырга канча өмүр берилсе, ошого ыраазы бололу. Ага чейин кудай деп аман-эсен туралы.

      От

      От алоолонуп күйүп жатат. Эне жаккан от, кылымдардан бери күйүп келген от. Ошол оттун күйгөнү канча кылым, канча заман болду. Канча коломто болсо, ошончо оттун күйгөнү күйгөн. Ал отту эне тутандырат. Ак элечек кийген эне ошол оттун ээси. отту өчүрбөй тутандырып турат. Коломтодогу от, СКАЧАТЬ