Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын Урпагы. 3 китеп - Кадыр Абакиров страница 5

СКАЧАТЬ бир китеп болуп калмак. Китептеги көп керексиз нерселерди такыр алып таштады. Ошондон кийин ушундай китеп жаралды. Ата: «Сизде музыкалык слух такыр жок ошол үчүн ырларыңыздын уйкаштыгы өтө начар» деп, мени уяткарып, аябай оңдоп кемелине келтирди. Мен ошондо уялып ыр жазбай эле койсом дегем. Бул китептерге дагы Айгүл Жүзөнованын эмгеги зор ал үч китепти карап кайра-кайра оңдоп чыкты. Ал: « Олдоксон жазылган ырды эч ким окубасын»– деди. Алардын эмгегин айта кетпесем болбойт. Ал эми баардык чыгармаларымды компьтерге басууда кичүү уулум Автандил Абакировдун эмгеги аябай зор болду. Эгерде ал болбосо, менин ишимиде кенедей жылыш болмок эмес. Анда ак кагазды карап жалдырап отура бермекмин. Ал бала кезинде жумуш иштеп, өзү кампьютер сатып алып, анан ишке киришкен. Менин чыгармаларымды жаза баштаган.

      Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.

      Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.

      Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.

      « Илгери адамдар ар кандай окуялардын таш бетине чегип

      «жазчу экен мен жердештнримин атын кагаз бетине чектим».

      Автор

      Түпкү атабыз Беккулу

      Түгөл кыдыр даарыган.

      Ушулардан кеп козгоп,

      Улама баян жаңырган.

      Санжыра

      Алыс жакты серепчилеп карасам.

      Көчмөндөрүм улантышат сапарын.

      Ак баракка чиймелеймин акырын

      Бабалардын үл-бүлдөгөн караанын.

      Бабалардын караанына кагылып

      Тизмектейин санжыранын барагын

      Абалкынын элесине жалынып,

      Тактайынчы аңгемемдин ар сабын.

      ***

      Адамга СКАЧАТЬ