Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын Урпагы. 3 китеп - Кадыр Абакиров страница 3

СКАЧАТЬ түшүрүп китеп кылып чыгарууга чоң жардам берген. Жылдыздын чыгармачылык жардамы болбосо, бул чыгарма китеп болуп окурмандардын колуна тиет беле, ким билет? Китеп далай жылдар жата берип, азыр гана чыгарууга мезгили келди.

      Мен Кадыр менен интернатта чогуу жатып окудум. Анын мүнөзү өтө токтоо салабаттуу ойчул эле. Жана колунан китеп түшчү эмес. Ал эң эле эрте туруп алып күбүрөнүп китеп окуй берчү. Ал филолог, тилчи болууну кааалаган. Ал кезде ал окуу жайына өтүү өтө оор болгон. Конкурс чоң болуп, филфак,юрфак, исфакка өтүү өтө оор эле. Он баладан бир бала гана өтчү, же ошол кезде эле пара болгон. Геофакты көңүлдөнбөй окуп, бүтүп алды. Улуу М. Горький, М. Шолохов, С. Есенин эч кандай жазмачылыкты окубай эле гениалдуу таланттар болду. К. Абакиров токойдо гүлдөп өскөн гүл сыяктуу жапайы талант. Анын ырлары, жомоктору, аңгемелери, сатирасы эмне деген чыгармачылык байлык. Ал өмүр боюу бир кесипти аркалап, чыгармачылыкты таштабады. Жана жөнөкөй эл менен болду. Айылда сугатчы, сакмалчы, балдар менен сарай салды, Базар кайтарып, аны тазалады. Талаага клубника, малина өстүрүп, араба сүйрүп аны базарга алпарып сатчу. Таалайга жараша чыгармачылыгын ыйык тутуп таштабады. Ал ошонусу менен бактылуу болду.

      Зарыл Касымалииев.

      Акын.жазуучу,ардагер,журналист.

      Китепти адабиятташтырып, көркөмдөп, кайрадан оңдоп чыгып, компьютерге түшүргөн Жылдыз Абакирова

      ***

      БУЛ КИТЕП ЖӨНҮНДӨ ОЙ

      Өзүңүн жазган китебиң жөнүндө сөз жазуу өтө оор. Эмнеден баштарыңы билбейсиң. Бирок китебиң чыгып жаткандан кийин баяндама сөз да болуу керек эмеспи. Китеп кантип жазылды, эмне үчүн жарыкка чыгыш керек, ал китеп кимге керек? Жана башка суроолор туулушу мүмкүн. Көп эле китепти окугам алардын баяндама сөзүн башка бирөөлөр жазып беришкен эле. Окуучулар ал китепти окуш үчүн чылгый мактоолор менен коштолуп жүрүп отурат. Окуган адамга кандайдыр бир рухий дух бериш керек. Сени кайратка, бөлөп, жан-дүйнөңү көкөлөтүп бийик абалда алып жүрүш керек. Ошондо сенин жазган чыгармаңын ийгиликтүү болгону, мээнетиңдин кайтканы билинип турат. Бирок бир нерсе бар. Ал окуучунун окуучулук табитине, деңгелине байланыштуу болот. Мисалы үчүн баардык эле окуучулар улуу акын, жазуучуларыбыздын чыгармаларын толук түшүнөт деген ойдон алысмын. Мисалы жогорку филология окуу жайын бүткөргөндөр А. Осмоновдун же Ч. Айтматовдун, Ф. Достоевскийдин чыгармаларын толук жеткиликтүү түрдө түшүнөт деген ойду ойлогум келбейт. Алардын чыгармасын түшүнүш үчүн окуучулук бийиктик керек. Баардык эле окуучулар Алыкулдун ырларын толук түшүнө берет деген такилипти айта албайм. Анын ырларынан ар бир окуучу ар башкача эргүү алат. Мен бул жерде окуучунун чыгармачылык даремети жөнүндө сөз козгодум. Анын даремети канчалык жогору болсо, окуган чыгарманын ошончолук сиңимдүү сынчыл көз карашта болоору талашсыз нерсе. Көп адамдар карандай турмуш менен алектенип жүрүп китеп окууну таштады, ал адамда эч бир СКАЧАТЬ