Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын Урпагы. 3 китеп - Кадыр Абакиров страница 10

СКАЧАТЬ кайкый берсин. Ошол касиеттүү обон башкалардын жүрөк өтун эргитип өтсүн, кубандырып бир башкача ыйык сезимге бөлөп өтсүн. Ошол ырлар Теңиримдин жардамы менен ак жашоону, качанкы бир өткөн касиеттүү балалыктын ырын, ата-бабанын жолун эске салат. Ошонусу мен үчүн табылгыс кубаныч. Ар бир башталган жакшы нерсе уланып кете берсин. Ошонусу менен ал түбөлүктүү. Ошонусу менен бул өлбөс жашоо бизге ыйык сезилет жана түбөлүктүүлүгү байкалат.

      ***

      Кагылайын туулган жердин тургундары, биз көрүп, аралашып жүргөн замандаштар. Сиздер биздин ата-бабабыз өскөн аймакта жашап, эмгектенип келдиңиздер. Сиздердин өмүрүңөр да ошол жерде

      өтүп жатат. Силер биздин ата-бабабыз өскөн жерди ээнсиретпей өмүр сүрүп, бабалардын коломтосун өчүрбөй, турмуш көчүн улап келе жатасыздар. Баарыңыздар ошол касиеттүү ата-бабабыздын урпагысыңар. Ата-бабабыздын жашап өткөн жери толук сиздерге тийешелүү.Силер ошолордун жолун улантып жатасыздар жана дагы уланта бериңиздер. Силердин жолуңарды урпагыңар таштабай уланта берсин, бул байыркыдан келаткан ата-бабабыздын салты. Силер жашаган аймактан байыркы ата-бабалардын касиеттүү үндөрүн угуп турабыз жана дагы биздин элесибизде алар биз менен жашап жаткандай доош келет. Алар ушул касиеттүү аймакта биз сыяктуу жашап, өмүр сүрүп кетпеди беле. Анан кантип биз алардын элесин унутуп салабыз. Бар болгула туулган жердин касиеттүү адамдары! Силер барда биздин туулган жерибиз эч убакта ээн калбайт жана жетимсиребейт. Силерге жаратканымдан жана ошол жашап өткөн касиеттүү адамдардын элесинен жакшы нур себилип тураарын унутпаңыздар. Ар бир адамдын жолу ар башка, ошондуктан касиеттүү туулган жердин адамдары жолугушканга, жүз көрүшкөнчө түбөлүк аман болгула! Жаратканым сиздерге кайрат күч жана өмүр берсин! Бул жакшы үмүттү аткарганга Алла Таалам өзү да эгедер болуп колдосун!

      ***

      Эзелкинин санжырасы,

      Эстелбей кетип баратат.

      Улама элдин санжырасы,

      Унут болуп баратат.

      Карандуу элдин санжырасы,

      Кайрылып качан такталат.

      Биздин элдин баяны,

      Билинбей өчүп баратат.

      ***

      Байыркы биздин бабабыз,

      Баарынан маек айтабыз.

      Кылжырдын аты Сарбагыш,

      Өңү сары, мойну ийри,

      Бирок болгон жол билги,

      Кыңая басчу экен дейт

      Ошондон улам Кылжыр деп

      Аталып аты калыптыр

      Ошондон бул ат тараптыр.

      ***

      Алты түлөк куш айланып,

      Ак булут көктүн үстүнөн.

      Койсойбостун алты уулу,

      Алтооно көз жүгүртөм,

      Белдеги жолду аралап,

      Алтоо сапар жол кеткен,

      Сабынан айтып тарыхтын,

      Санжырачы аны эстеткен.

      ***

      Бүтөбайдын төрт уулу,

      Төрт күлүк атты СКАЧАТЬ