Адамдын Асыл ойлору. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Адамдын Асыл ойлору - Кадыр Абакиров страница 22

СКАЧАТЬ короо кой бир койдон куралаарын унутпаш керек.

      * * *

      Жалгыз баатыр падышанын бүт аскеринин санын бербейт, бирок жалгыз баатыр бүт аскерди артынан ээрчите алат.

      * * *

      Жакшы нерсенин жарыгы эмгек деп айтсак болот.

      Улуу ачылыштын жарыгы изденүү менен ойлонуу деп айтсак дагы болот.

      * * *

      Турмуштан түрмөгө чейинки кашка жол. Ортосунда чоң сабак, чоң кайгылуу көрүнүш көрүнүп жаткан жол.

      * * *

      Жашоодо жардылыкты жойсо болот, анын жанында рухий жардылыкты жоюш бир топ кыйын.

      * * *

      Комиссия келип, кетип калган. Турмушубуз мурункудай эле эски бойдон өзгөрүүсүз калган. Мындай көрүнүшкө өкмөт да, эл да көнүп калган. Кыскасы комиссия такыр эле жок нерсе экенин билинип калган.

      * * *

      Жаман уул атасынын байлыгын чачып ийип жардыланат. Кээ бири өзүнүн талантын чачып ийип жардыланат. Кээ бир эл өзүнүн рухун чачып жардыланат.

      * * *

      Улуу чыгарма күн менен кошо төрөлөт. Аны менен өл-

      бөстүк кошо төрөлөт.

      * * *

      Өмүр бою соодада жүргөн адам «бардык байлык акчада» деп ойлонот. Булар дүйнөдө: «Рухий байлык болгон эмес, баардыгын акча чечет», – деп да ойлонот.

      * * *

      Өткөргөн турмушубуз өзүнчө сабак, ал эми келечегибиз – анын жыйындысы.

      * * *

      Жакшы үгүт жакшы саясатты жаратат. Үгүт менен саясат бирге жүруп элге жакшылыкты жаратат.

      ***

      Эмне үчүн эл Султан Ибраимовду кайра-кайра эскерип, адамдар өзүнө жакын кылып алган. Анткени ал эл үчүн иштеп, эл үчүн жашаган адам. Ошол үчүн адамдар жакшы жетекчини өзүнө жакын жана дос кылып алган. Адамдар аны оор кезде эстеп, анын эрдигине, элесине бел байлайт.

      * * *

      Кээ бир обондуу ырды бир эле кайрыгы аны бийик тепкичке чыгарып таштайт. Жашоонун өлбөс элеси бир кайрыктан башталат.

      * * *

      Сүйүүдөн көңүлү калган адам, турмуштан көңүлү калган. Көңүлдү көтөрүш үчүн ага көп нерселер керек болот.

      * * *

      Бир туугандар кысталыш кезде бири-бирине жардамга келбесе, алар тааныш бирок такыр чоочун адамдар.

      * * *

      Махабат эки адамдын иши, баш кошуу андан кийинки нерсе.

      * * *

      Жашоодо эски менен жаңы бар. Сүйүү эч убакта эскирбейт, ал дайыма жаңыга айланып турмагы бар. Ошол үчүн анын түбөлүктүүлүгү дагы бар. Бирок сүйүүнү эки адам баардык убакта жаңыртып турушу керек. Ошондо ал нагыз жана түбөлүктүү сүйүүгө айланат.

      * * *

      Таалайлуулардын арасында сөзсүз сүйүү болот. Антпесе анын өмүрү кантип гүлдөй алат

      * * *

      Сүйүүнүн сырын сүйүшкөндөр түшүнөт. Сүйүү менен жашап жаткандар бактылуу жашап жаткандар. Ал өзүнчө биз окуй элек биз билбеген ыйык поэма. Андай поэманы жаратыш үчүн бактылуу СКАЧАТЬ