Адамдын Асыл ойлору. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Адамдын Асыл ойлору - Кадыр Абакиров страница 18

СКАЧАТЬ келатам. Дагы көп нерселерди үйрөнөт окшойм. Ар бир нерсени үйрөнүп билип, тааныш үчүн төрөлгөн окшойм.

      * * *

      Тынымсыз изденүү болгон жерде жашоо жаңылыкка умтулат, өмүрдүн өзү деле жаңылыкка умтулуудан турат.

      * * *

      Ар бир кылым өчүп калбас үчүн өзүнүн каарманын жаратып жүрүп отурат. Каармандын өлбөс иши кийинки муун үчүн үлгү жана түбөлүк унутулгус жарык.

      * * *

      Өмүр бою ыр жазып келип, аны чыгара албаган акынды аяп турам. Жакшы ырды чыгара албаган элди аяп турам.

      * * *

      Көп ачууланба, анын уусу жүрөгүнө сиңип кетсе, аны кетире албай азаптанасың.

      * * *

      Адамдар бирөөнүн – бирөөгө жасаган адилетсиздигин көрүп туруп унчукпай коюшту, ошонун өзү– адилетсиздик.

      * * *

      Күйгөн оттун табына аз эле адамдар жылынат, акылмандар жазган учкул сөздөрдүн отуна миңдеген адамдар жылынат.

      * * *

      Кур мактоо уйгу-туйгу соккон шамалга окшошкон.

      * * *

      Чындык үчүн он миң кишини артыңан ээрчитип чыксаң, ал дагы баатырдыкка тете.

      * * *

      Баатыр элин коргойт, эли баатырын коргойт, же бири-бирине чеп. Чек арадагы чепти баарылап коргойт.

      * * *

      Жалкоо адам алсыз, ошонусу менен армандуу.

      * * *

      Мааниси жок жалган иштер маанисиз эпилог менен аяктайт.

      * * *

      Сен төрөлгөндө ыйлап бул дүйнөгө жалгыз келгенсиң, эми сен өлгөндө көп адамдар кайгырып ыйлап жатса, анда сен бактылуусуң, себеби сенсиз жашоо аларга оор болуп жатат жана аларга сен керексиң.

      * * *

      Өмүрүңү бекер өткөргөн жылдар жок жылдар. Анткени ал жылдардан эч бир элес калбай актай калган.

      * * *

      Мектепте окуп жүргөндө китеп окуу, жазуу, ырдоо,

      сүйлөө жолдорун үйрөнгөм, мектепти бүтүп кеткенден кийин, курсакты кагдай тойгузуу амалдарын, кантип акча топтоонун жолдорун изилдеп үйрөнүп жатам.

      * * *

      Сүйүүнү жашырсаң арман пайда болот. Арманды жашырсаң, жүрөгүңдө оору пайда болот. Кыскасы сүйүү ар бир адамда өзүнчө эле роман болот.

      * * *

      Чоң кайгы кичинекей эле көздө пайда болот. Ал кайгыны тамчылатып суу кылып чыгарган кара көзгө өтө эле оор.

      * * *

      Көздөн чыккан бир тамчы жаш бир чака суудан алда канча

      ачуу болот. Канчалык ачуу болсо ошончолук оор.болот

      * * *

      Караңгы түн бүтүндөй кыштактарды, шаарды, же баардык жаратылышты жашырып жатат. Унчукпаган адам дагы түн сыяктуу сырын айтпай жатат.

      * * *

      Жалгыз адамды дарт чалса ал эчтеке эмес, ал эми мекенди дарт чалса ал баарыбыз үчүн коркунуч.

      * * *

      Эшиктеги соккон шамал сапар бараткан жолоочуну ойлонтот. Ал эми өлкөдө болуп жаткан шамал бүткүл СКАЧАТЬ