Адамдын Асыл ойлору. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Адамдын Асыл ойлору - Кадыр Абакиров страница 20

СКАЧАТЬ style="font-size:15px;">      Алыста жүргөн эки адам бири-бирин сагынышты. Демек алардын ортосунда жылдыз жанган жагымдуу күндөр болгон. Жагымдуу убакыттын арасында, жаадыраган жакшылык болгон.

      * * *

      Өнөр өчпөй турган ыйык нерсе. Ал дайыма жаңыланып турат. Ошол жаңылануусунда бир керемет жаркы жанып турат.

      * * *

      Балалыгым аркы жээкте, өзүм берки жээктемин. Дайраны кечип, балалыкка барайын дейм, бара албайм. Дайрадан кечүүгө болбойт. Экөөбүз эки жээктебиз.

      * * *

      Өткөндө жайлоого барып, балалыгым өткөн кыяны кылчак-, кылчак карадым. Кыя менин балалыгымы жоктойт, мен баардыгын жоктойм.

      * * *

      Унчукпай тынымсыз аракет кылган адамдар көп нерсени бүткөрүп, көп нерсеге эгедер болот. Алар жакшы жеңиштерге салтанаттуу түрдө жакындаган болот.

      * * *

      Ар бир күн жаңы төрөлөт. Улуу жомок, өчпөс талант да, ар дайыма күн менен кошо жаңы төрөлөт.

      * * *

      Жакшы учкул сөздөр кумдан жыйнап алган майда алтындар сыяктуу шоолаланып турат. Учкул сөз да жылт-жулт эткен алтындын сапатын элестетет.

      * * *

      Көп нерселер кайрылып келди, жаз да кайрылып келди, куштар да кайрылып келди. А эмнелер кайрылып келбей калды.., ошону эстегибиз келди…

      * * *

      Анын мүнөзүндө жакшы сапаттар бар. Бала чагында жакшы тарбия алгандыгын даңазалап турбайбы.

      * * *

      Тарых акты ак деп, караны кара деп, тыянак чыгарып коёт. Ошентип, акты карадан бөлүп, оордуна коёт.

      * * *

      Баласы жок, кемпири өлгөн абышка, жалгыздыкта өткөн өмүрүн эстейт. Армандуу өткөн өмүр менен эмнени эстетпейт.

      * * *

      Адамзат үчүн иштеп, журт тагдырын ойлогон жетекчилер өтө аз болот. Эгер алар көп болсо, дүйнө мындан бай жана бактылуу, шаңдуу болмок. Биздеги элдин жетишпеген арманы ошол.

      * * *

      Хан элден качса, эл да хандан качат. Хан тескей тоодо болсо, эл күңгөй тоодо болот. Ортосунда күрүлдөгөн дайра акса, эл аркы өйүздө хан берки өйүздө болот. Элин жек көргөн хандын тагдыры эми эмне болот?

      * * *

      Бирөө менден сурады: – «Ой узунбу же агып жаткан дайра узунбу?» Мен айттым: – «Ой узун, анткени ал дайранын баш аягын бат эле карыштап ченеп коёт».

      * * *

      Ден соолуктун эң мыкты дарысы күлкү менен кубаныч.

      Экөө болгон жерде оорулуунун жүрөгү дарыгерсиз айыгат.

      * * *

      Алыскы душманым эчтеке эмес, ал эми жанымдагы душманым эң эле коркунучтуу. Анын күндө каршылык кыла бергени мага коркунучтуу.

      * * *

      Кичинекей балам жашоому көркөмдөп турат, менин кубанычым ошол жакта жоголбой турат.

      * * *

      Ырайымдуулук жана калыстык болгон жерде өмүр жаандан кийинки көк чөп сыяктуу өнүмдөйт.

      * * *

      Таланттын СКАЧАТЬ