Название: Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
Автор: Guldana Murzakulo
Издательство: Elips Kitap
isbn: 978-625-6852-25-9
isbn:
2000-жылы Анкара университетинин профессору Саадеттин Ягмур Гѳмечтин «Кыргыз тарыхы» аттуу эмгеги «Акчаг» басмаканасында жарыяланган.102 Китепте Хун доорунан эгемендүүлүк жылдарына чейинки кыргыз тарыхы кыскача баяндалган. Аты аталган эмгек кийинчерээк «Берикан» басмаканасы тарабынан да басылып чыккан.103 Гѳмечтин тѳрт жолу кайра басылган «Кыргыз тарыхы» китеби, Түркияда кыргыз тарыхы боюнча эң кѳп сатылган эмгек болуп эсептелет. Агайдын расмий баракчасында аталган эмгектин 2016-жылы Тебриз шаарында арапча тамгалар менен жарык көргөнү билдирилген.104
Ош мамлекеттик университинин Теология факультетинде иштешкен түрк мугалимдер 2000-жылдарда кыргыз тарыхына кошумча булак катары колдонула турган китептерди жарыялашкан. Проф. Д-р. Сейфеттин Эршахиндин 1999- жылы жарыялаган китеби кыргыздардын исламды кабыл алышын иликтесе,105 Проф. Д-р. Мустафа Эрдемдин китеби кыргыздардын социалдык-тарыхый абалын жакшы чагылдырып берген.106 Ал китептер Түркияда кыргыз тарыхы боюнча изилдѳѳ жүргүзгѳндөр тарабынан сѳзсүз окулган китептердин катарына кирген.
2000-жылы Фейзуллах Будактын «Кыргызстандын өтмүшү, бүгүнү, келечеги (Kırgızistan: Dünü, Bugünü, Yarını)» аттуу китеби жарык көргөн.107
2001-жылы кыргыз илимпозу Абдылдажан Акматалиевдин «Кыргыз фольклору жана тарыхый каармандар» аттуу китебинин түркчө котормосу «Ататүрк маданий борбору» тарабынан басып чыгарылган.108 Китепте кыргыз тарыхый каармандары боюнча маалыматтар камтылган. Ошол эле жылы аты аталган мекеме Четин Жумагуловдун Оштогу эпиграфикалар боюнча эмгегин жарыялаган.109 Бул эки китепти тең түрк тилине Калмамат Куламшаев которгон.
Кийинки жылы Василий Бартольддун кыргыздар боюнча жазгандары Уфук Дениз Ашчы тарабынан которулуп, Кония шаарында ѳзүнчѳ китеп болуп жарык көргөн.110 Бул эмгектин Кония шаарында басылганын баса белгилегенибиздин себеби, Түркияда китептер негизинен Стамбул, Анкара жана Измир шаарларында жарыяланат жана Түркиянын башка шаарларында китептер сейрек басылат. Бартольддун эмгегин жарыялаган «Кѳмен» басмаканасы 2018-жылы Белек Солтоноевдин «Кыргыз тарыхы» деген эмгегин эки том кылып жарыялаган.111 Солтоноевдин эмгеги Ататүрк университетинин доценти Майрамгүл Дыйканбаева тарабынан түрк тилине которулган.
2003-жылы Аскар Акаевдин «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас» китеби Стамбул шаарында түрк тилинде жарыяланган. Китепти Салиха Ибрагимова, Эргешбай Рахманов жана Тугба Шимшек орус тилинен которушкан.112 Ушул эле жылы түрк окумуштуусу Октай Беллинин Кыргызстандагы балбал таштар боюнча китеби басылып чыккан.113 «Археология жана искусство» басмаканасынан чыккан китепте кыргыз тарыхы СКАЧАТЬ
101
Yavuz Aslan,
102
Saadettin Gömeç,
103
Saadettin Gömeç,
104
“Prof. Dr. Saadettin Yağmur Gömeç”,
105
Seyfeddin Erşahin,
106
Mustafa Erdem,
107
Feyzullah Budak,
108
Abdıldacan Akmataliyev,
109
Çetin Сumagulov,
110
Vilhelm Barthold,
111
Belek Soltonoyev,
112
Askar Akayev,
113
Oktay Belli,