Название: Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
Автор: Guldana Murzakulo
Издательство: Elips Kitap
isbn: 978-625-6852-25-9
isbn:
1925-жылы венгр илимпозу Лаош Лигетинин «Кыргыз уруу атынын келип чыгышы» деген маанилүү макаласынын осмон тилиндеги котормосу (Kırgız Kavim İsminin Menşei) Стамбул университетинин «Түркият Межмуасы» журналында жарык көргөн.92 Стамбул университетинин аталган журналынын 1928-жылкы томунда болсо, өз доорунун алдыңкы илимпозу Нежип Асым Языксыздын «Кыргыз» сөзүнүн этимологиясы тууралуу» деген макаласы басылып чыккан.93 Аталган макала Абдрасул Исаков тарабынан 2017-жылы кыргызчага которулуп басылып чыккан. Ушул котормонун алгы сөзүндө Исаков Языксыз менен Лигетинин «Түркият Межмуасы» журналында жарыяланган макалалары боюнча төмөнкүлөрдү айткан: «Лигетинин бул макаласы, деги эле анын «кыргыз» этимологиясы боюнча пикирлери кыргызстандык илимпоздор тарабынан маалым болгону менен Нежип Асымдын ушул эле теманын алкагындагы пикирлери тилекке каршы, Кыргызстанда азыркы күнгө чейин тааныла элек. Аталган эки макала Стамбул университетинин «Түркият межмуасы» журналынын алгачкы сандарында басылган. Түркияда энциклопедияларда чыккан макалаларды эске албаганда, акыркы 20 жылга чейин «кыргыз» термининин этимологиясы боюнча Лигети менен Языксыздын макалаларынан башка мыкты макала чыккан эмес».94 Мен да ушул пикирге кошуларымды баса белгилей кетейин.
Түркияда 1960-жылга чейин кыргыздар жана Кыргызстан тарыхы боюнча жыл сайын онго жетпеген эмгек жарыяланып турса, 1960-1970-жылдар аралыгында аталган эмгектердин санында өсүш болгон. Бирок, жалпысынан алганда, Осмон доорунун соңунан баштап 1991-жылга чейин, Түркияда кыргыздар жана кыргыз тарыхы боюнча көлөмдүү эмгектер жана атайын монографиялар жазылган эмес.
Айпери Моңолдор кызынын темага байланыштуу диссертациясында баса белгиленгендей эле, 1923-жылдан 1990-жылга чейинки мезгил «кыргыз эли Россия империясынын кол алдында болуп, анын оторчул саясатын башынан кечирген кыйын учур болгон. Түркия Республикасы болсо жаңыдан түптөлүп, ушул мезгилден тарта түрк дүйнөсүндөгү элдердин тарыхына, тилине, адабиятына болгон кызыгуу жана изилдөө иштери Мустафа Кемаль Ататүрктүн демилгеси менен ишке ашырыла баштаган. Бирок бул мезгилде изилдөө иштери колго алынганы менен кыргыз-түрк мамилелери узун замандар бою бөлүнгөн абалда өнүгүшүнөн улам жеткиликтүү изилденбей келген. … Бул мезгил аралыгында Түркияда кыргыздар тууралуу изилдөөлөрдө «Манас» эпосу, кыргыз элинин этнографиясы, саякатнаамаларда кыргыздардын жашоо-турмушунун чагылдырылышы тууралуу маалыматтар басымдуулук кылган…».95
1991-жылы Кыргызстан эгемендүүлүккө эгедер болуп, боордошу СКАЧАТЬ
90
Hilmi Ziya, “Kırgızlar”,
91
Ayşe Tepebaşı, Cumhuriyet’in İlk Yıllarında Süreli Bir Yayın: “Mihrab”,
92
Louis Ligeti, “Kırgız Kavim İsminin Menşei”,
93
Necib Asım, “Kırgız Kelimesinin İştikakına Dair”,
94
Абдрасул Исаков, Нежип Асым Языксыздын «кыргыз» термининин этимологиясы тууралуу макаласы,
95
Айпери Моңолдор кызы, «Түрк тарыхнаамасында кыргыздар», Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коомдук илимдер институтунун магистрдик диссертациясы, Бишкек, 2018, 23-б.