Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 13

Название: Türkiye'de Kırgız Araştırmaları

Автор: Guldana Murzakulo

Издательство: Elips Kitap

Жанр:

Серия:

isbn: 978-625-6852-25-9

isbn:

СКАЧАТЬ согулуш ыкмасы алгачкы Осмон доору архитектурасынын өзгөчөлүктөрүн толугу менен көрсөтүп турат. Буга чейин жасалган оңдоо иштери күмбөздүн кээ бир жерлериндеги өзгөрүүлөргө себеп болгон. Булардан бири чамгарактуу негизги бөлүмдүн дубалдарынын үстүнөн коюлган кирпи чачы өрүмүнүн урчук таштар кошумчаланып узатылганы болсо, экинчиси ичтен тегерек, тыштан он эки кырдуу көрүнгөн казанак бөлүмүнүн көтөрүлгөнү десек болот.

Акыркы учурда дубалдардын баары кайрадан реставрацияланып, мурдагы начар жана көрксүз кошумчалар оңдолгону менен, көңүл коюп караганда, бул бузулган жерлердин калдыктарын (издерин) көрүүгө болот. Казанактын көтөрүлүшү күмбөздүн чамгарак формасынын өзгөрүүгө учурап, имараттын жапыз көрүнүшүнө себеп болгон. Бул абал күмбөздүн алгачкы көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө себеп болгон. Имараттын чатырынын чамгарак эмес пирамида түрүндө,69 же болбосо конус70-калпак түрүндө болгонун айткан илимпоздор да бар. Бирок күмбөздүн жаңыланган азыркы абалынан мурун мындай экенин тастыктай турган далилдерди көрө албайбыз. Буга чейин күмбөздү изилдеген А. С. Үлген, К. Отто-Дорн, О. Асланапа жана Е. Х. Айверди сыяктуу илимпоздор күмбөздүн чатырынын чамгарак түрүндө болгону шексиз деп эсептешет71.

Күмбөздүн он эки кырдуу казанагы ошол доордо колдонулган түрдөн. Орхон Казы дооруна тиешелүү имараттардан Изник Ажы Өзбек мечити жана XIV кылымда тургузулган Изник жашыл мечитинин казанактары да ушундай. Казанакта төрт бурчтуу төрт терезе жайгашкан. Чамгарактын үстү азыр черепица менен жаңыланып жабылды. Күмбөздүн оргиналында да чамгарактын атайын даярдалган черепицалар менен жабылганын.72 Чамгарактуу бөлүмгө аркалуу кириштен кирилет. Кириште алты жаңы мүрзө бар. Имараттын негизги бөлүмүнө Византия стилиндеги таяк моюнтуруктуу, төрт бурчтуу мармар эшиктен кирилет. Ичинде төрт бурчтуу жерден сүйрү аркалуу бурч чамгарактар менен сегиз бурч чамгарактуу арка биригип, ортосу туюк аркалар менен сегиз аркалуу бир система жасалган. Чамгарак сегиз бурчтуу пьедесталдан үч бурчка айландырылган тeгерек негиз үстүнө жайгаштырылган. Чамгарак башталган жерде туюк кемерлүү терезелер, алкак бөлүмүндө болсо, төрт бурчтуу төрт терезе коюлган. Чыгыш жана батыш дубалдарында бири-бирине тушташ тегерек кемерлүү кең терезелерден жарык түшүп турган бөлүмдүн түштүк дубалында михрап73 катары колдонулган төрт бурчтуу узун бир нища, чыгыш дубалынын түштүк учунда болсо, мүрзөгө орун табыш үчүн кийинчерээк казылганы белгилүү жарым айлана түрүндөгү бир нища бар.

Имараттын ичинин эң маанилүү жасалга өзгөчөлүгү өткөөл бөлүктүн үстүндө терезелердин айланасында, казанактагы терезелердин үстүндө жана чамгарактын ортосу менен этегинде калем менен сызылган кооздуктар болуп эсептелет.

Күмбөз боюнча маалыматтар берген эски китептерде алкак терезелеринде пальма, чамгарак ортосунда жылдыз белгиси коюлган кооздуктардан сөз кылынат жана көбүнчө жогорку жактагы СКАЧАТЬ

69

O. Cezmi Tuncer, Anadolu Kümbetleri II, Ankara 1991, s. 125; D. Kuban, Osmanlı Mimarisi, İstanbul 2007, s. 154.

70

G. Goodwin, Osmanlı Mimarlığı Tarihi, İstanbul 2012, s. 88.

71

Ülgen, a.g.e., s. 61; Otto-Dorn, a.g.e., s. 76; O. Aslanapa, Yüzyıllar Boyunca Türk Sanatı, İstanbul 1977, s. 175; Ayverdi, a.g.e., s. 122.

72

Ayverdi, a.g.e., s. 122.

73

Михрап-мечиттерде Каабанын жөнүн көргөзгөн, имам отура турган оюк жер (Кот.).