Токол. Айгүл ШАРШЕН
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Токол - Айгүл ШАРШЕН страница 6

СКАЧАТЬ эшикке! – дегенде Жамийла артка карай тартынды эле Турат кое бербей туруп алды:

      – Турдукан, Сагынбек уулуңар азамат тура, андан көрө башына жоолук салгыла, – деди Шайлоонун аялы Ырыс тура калып, – Келин дагы жакшылык болот, жалгыз балаң үйлөнүп жатса мунуң туура эмес.

      – Туура-туура Саке, жакшылыкты артка кайтарган болбойт, башыңарга баш кошулду, – деди Шайлоо, баары жаалап ийгенде Турдукан ичкери кирип жоолук алып чыкты, болгондо дагы жуулган эски алып чыкты, анткени отургандардан уялды:

      – Даярдыгым жок эле, келе гой эми бул да болсо сала турайын, таң атса дүкөндөн ала коебуз, – деп Жамийлага салып жатып эч ким байкабагыдай кылып ууртунан чымчый, – Сени мен уулумдан алыс жүр дебедим беле?! – деди да артына кайрылды, – Эми жүгүнүп кой кызым, сен эми бизге келин болдуң, – деп күлгөн болду, анын жүзүнөн кубанбаганын сезип эле турушту, бирок кызып калган немелер сүрөп жиберишти:

      – Бай бол, бар бол айланайын бактылуу болгула! – Андан кийин Турдукан төркү үйүнө төшөк салып аларды киргизди, достору сыртка чыгып кеңешип туруп аялдарын үйүнө жүгүртүп көйнөк жоолук алдырып арак-шарап толтуруп түнү бою эки жашка бакыт таалай каалап жатышты, эртеси дем алыш болгондуктан Сагынбек таң атпай короосундагы эчкисин алып келип уул келинине чаап эл чакырып ырым-жырымын жасап жатып калышты, Тураттын классташтары, Жамийланын курбу кыздары келишип оюн-күлкү менен бул эки жаш бактылуу болуп отурушту, андан соң Жолдоштун үйүнө киши жиберишти. Баары ойдогудай эле болуп жатканы менен Турдукан Жамийланы караган сайын көзү менен атып бечара кыздын оозундагысы тамагына тыгылып: “Бул мага жакшылык кылбайт го, бекер эле келипмин, Тураттын көңүлүн кантип кыям, анын үстүнө бузулуп да калдым, башка бирөө ала качып кетсе шерменде болмокмун”, – деп ойлонуп көңүлү сууп отурду. Мунусун достору менен улам кирип чыгып жүргөн Турат байкабады, ал чексиз бактылуу болчу, бирок ал бул бактысы көпкө узабасын сезген жок, болгону жүрөгү сүйгөн кыз жанында болуп, жаш жүрөгү толкунданып башка эч нерсени ойлогусу келбейт эле. Ошентип кечинде Жамийланын төркүндөрү кууп келишти, туугандары чогулуп тозуп алышты, Турдукан кудаларын анча жактыра бербей кийитти начар коюп жеңетайына бир кой менен беш жүз сом, кешикти эптеп салып берип узатып жиберди. Күн сайын келин көрүп келип кетип жаткан эл суюла баштаганда Сагынбек аялына карап мындай деди:

      – Байбиче, келинди болсо алдык, азыр мал семиз убакта той берели.

      – Той-пой бербейбиз, – деди Турдукан ачуулу.

      – Дагы баштадыңбы, маңдайы жарык өңдүү-түстүү эле келин болду, анын күнөөсү кайсы байбиче?

      – Күнөөсү жок, жактырбаган жерге баса көктөп кирген неме жакшылык кылмак беле, кандай келсе бир күнү ошондой кетет!

      – Кой байбиче, мындай сөзүңдү менден башка бирөө укпасын, уулуңдун кандай бактылуу болуп жүргөнүн байкадыңбы, жалгызыбыздын шаабайын суутпай тоюн өткөрөлү, – деп Сагынбек акырын аялын көндүрмөк болду. Бирок Турдукандын угаар түрү жок, алар ошентип сүйлөшүп жатканда төркү бөлмөдөн чыгып келе жаткан Жамийла баарын укту, бирок бир дагы сөзүн Туратка айтпады.

      – Жамиш, СКАЧАТЬ