Токол. Айгүл ШАРШЕН
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Токол - Айгүл ШАРШЕН страница 4

СКАЧАТЬ ошондо дагы кудай деп сүйлө, баарыбызды жараткан жыргаткан дагы кудай, ушул ааламды жалгыз гана кудай өзү тейлейт, жан-жаныбарларды дагы жашатып керек болсо алган ошо кудай, кээ адамдар кудай берген ырыскысын көтөрө албай ар кандай кадамдарга барат, бирок ушул жашоонун баркын билген ким бар экен? – деди салкын, анткени анын ата-энеси ошол кудай жок деген атеисттик заманда дагы балдарына ыйманды, экинчи дүйнө бар экенин үйрөтүп бир күнү жалган дүйнөдөн чын дүйнөгө көчкөндө бул дүйнөдө кылган кылмышыңдын азабын чын дүйнөдө тартаарын айтып кетишкен адамдар эле. Салкын ичинен Турдукандын сөздөрүнө капа болгону менен баары бир курбусунун сөзүн кыя алмак эмес.

      – Кызыксың Салкын, сен эскиче жашап жаткансың го?

      – Жо-ок, кудайдын жолу менен жашаганым анык.

      – Сен экөөбүз бир пикирге келе албайт экенбиз, – деп сөзүн бүтүрдү Турдукан, Салкын дагы унчукпай үйүнө кетти, Турдукан курбусуна жини келди, өзүн түшүнбөгөнгө ызаланды, акыры эмне менен бүтөөрү белгисиз дүйнөнүн табышмагын ким билиптир. Көпкө ойлонуп бир пикирге келе албай турганда Сагынбек келип калды:

      – Турат үйдөбү? – деди ал келип эле.

      – Жок, аны бүгүн көрбөдүм.

      – Кайда жүрөт болду экен?

      – Ким билсин, жанагы аракечтин кызы менен жүргөндүр?

      – Көп эле ошенте бербесеңчи.

      – Анда эмне кылайын, ошол кыздын алдына жыгылып кечирим сурайынбы? – деп айкырды Турдукан, аялынын бул кейпин көрбөгөн Сагынбек таңгала карады.

      – Сен мындай эмес элең Туку.

      – Ушундай болуп калдым.

      – Мен дагы сени бир кезде кандай экениңе карабай үйлөнгөн элем, ата-энем каршы болгон жок, сенин мындай болооруңду кайдан билдим Туку, жалгызыбызды жабыркатып албайбызбы деги? – Сагынбек аялына ойлуу карады.

      – Сен менин тегимди эми эсиңе келтирдиңби, ата-энем андай эле жаман эмес болчу, бирок ичкиликти оозуна алган эмес.

      – Ооба, болгону жоро бозо кайнатамсыз өтчү эмес, керек болсо биз үйлөнгөндө дагы шеринени башкарып ичкиликтин тазасын ичип жүргөн эле…

      – Ооба, алар өз мезгилинде болгон.

      – Азыркынын дагы өз мезгили бар Туку.

      – Ошондо дагы абайлашы керек, ал биздин жалгыз балабыз.

      – Турат деле ойлонот да.

      – Ойлонсо ал кызды эбак таштамак.

      – Акыры баары ордуна келет.

      – Билбейм, жүрөгүм бир нерсени сезип турат, балабыз тилибизди алат деп ойлобойм, – деп Турдукан аялдын адаты катары ыйлап басылды, – Тураттын тагдыры мени ойго салчу болду.

      – Болбосо айтканын кылгандан башка чарабыз жок.

      – Жок, андай болбойт, мен өлсөм дагы ага жол бербейм.

      – Анда күтөбүз, акырындык менен унутуусун талап кылуу керек, – алар ошентип сүйлөшүп отурганда Турат кирди.

      – Кайда жүрөсүң балам? – деди Турдукан ага ачуулу карап.

      – Менин кайда жүргөнүм силерди кызыктырабы? – Турат ызалуу ата-энесин карады.

СКАЧАТЬ