Название: Токол
Автор: Айгүл ШАРШЕН
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Жанр: Короткие любовные романы
isbn:
isbn:
– Турат болдучу…
– Койчу жаным, өзүңдү менден ала качпасаң.
– Качкан жокмун, – Кыз онтолоп ийди, анткени ага жигитинин назик кармалаганы жага түшкөн эле, балакатка жетип жигит кыздарды самап калган учурда кыздарда дагы бир туюк сезим пайда болуп эңсөө жаралат эмеспи, андан ары экөө тең эмне кылганын сезбей калышты, бул ыйык сезимге төбөдөгү гана жылдыздар күбө болуп, каалгыган ай кара булут астына жүзүн жашырды, анткени эчендеген адам тагдырын сиңирип дүйнө жүзүн түнкүсүн кыдырып чыккан ай дагы бул сүйүүнүн күбөсү болуп турганына өкүндүбү же кайгырдыбы ким билет? Бул дүйнөдө жылдыздар толгон айдын жарыгында миллиондогон пенделер ашыгы менен аймалашып канчалаган бей күнөө наристелердин жаралышына күбө болуп келе жатпайбы. Бирок пенделер эч качан анысын күнөө деп эсептешпейт, ортодо бир наристе жабыр тартат…
– Жамиш.
– Оов.
– Эми сен меникисиң, буйруса күркүрөгөн күздө тоюбуз болот.
– Чынбы?
– Сөз берем.
– Ишенем.
– Магабы?
– Сүйүүгө, анткени биз бири-бирибизди сүйөбүз да.
– Алтыным десе, мындан ары биз бир гана денебиз.
– Түшүндүм, – деди кыз үлдүрөй жигитин мойнуна колун орой, ага азыр эмелеги лаззат керек эле, канчалык ооруксунуп турса дагы жүрөгүнөн, чын дилинен сүйгөн адамы менен кошулуу бакыт экен деп түшүндү, бир топко чейин белден келген тулаң үстүндө оонап бири-бирине рахат тартуулап жатып араң бөлүнүштү. Жамийла мынча кеч калчы эмес, Тоту тынчсызданып конторго барып аердегилерден сурагандан тартынып кайра келип үйүндө күтүп жатты.
– Кайда жүрдүң? – деди ал кирээри менен эле.
– Кыздар жолугуп калды апа, – Жамийланын жүзү албыра жооп берди.
– Кайсы кыз, ушул убакка чейин эмне кылып жүрдүңөр?
– Назинин үйүнө бардым, анан кеч болуп калды деп…
– Экинчи кечикпей жүр, эгерде кыздарың менен кетсең айтып коюп кет, – деп Тоту жатчу бөлмөсүнө кирип кетти. Жамийла азыр абдан бактылуу эле, биринчи жолу эркек менен болгонго жаштыгы денесине сыйбай толуп ташып турган кыз эртеңи эмне болоорун аңдаган жок, тек өзү каалаган адамга этек ачтырып анын жыргалына батуу бакыт экенин сезди: “Турат экөөбүз үйлөнүп калсак бактылуу жашасак апам эмне демек эле, Турат деле ата-энем көнөт дебедиби, сүйүү бизди алдабайт, бактылуу болобуз”, – деп өз ордуна жатып ойлонуп жатып кеч уктады, эртеси бүткөн бою ооруксунуп тура албай жатканда апасынын кирип келе жатканын билип башын көтөрдү:
– Ойгондум апа.
– Тур кызым, конторду жууп шыпыруу керек.
– Мына азыр, – деп эптеп туруп жумушуна жөнөдү. Турат ата-энесине таарынып баягы бойдон сүйлөбөй кечке үйгө келбей кечинде кеч келип жатып алат. Турдукан ага ого бетер жини келип сүйлөгүсү келбей көрсө да унчукпайт, анысына ого бетер өчөшкөн Турат алар жокто тамак ичип алып кетип СКАЧАТЬ