Бабалардын баяны 2. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын баяны 2 - Кадыр Абакиров страница 6

Название: Бабалардын баяны 2

Автор: Кадыр Абакиров

Издательство: ЛитРес: Самиздат

Жанр: Сказки

Серия:

isbn:

isbn:

СКАЧАТЬ билим пайда кылат. Жүрөгүндө оту бар жигиттер тарих билүү керек. Тарых билген адамдар мурунку өткөндөрдүн ал абалын көргөн сыяктуу билет. Тарых окубаса, гезит көрбөсө, илими болбосо, атасынын башын билеби!»

      Осмоналы Сыдыков

      Кыргыздын агартуучусу, улуу тарыхчысы

      ***

      Билимдүүнүн билими жугат,

      Билимсиздин чириги жугат.

      Эл макалы.

      ***

      Адам деген өмүр сүрбөйт түбөлүк,

      Бабалардын баскан жолун сүрөлүк.

      Анда-мында кобураша калганда,

      Аталардын атын айта жүрөлүк.

      АТАЛАР АТЫН СҮРГӨНДӨ

      Аталардын баянын

      Азыр айта баштайын.

      Айдыңдуу тоодо мал баккан,

      Алаш менин чоң атам.

      Андан аркы бабабыз,

      Акылман Көлөй карыя,

      Кеби элге жарыя,

      Кеменгер Көлөй карыя.

      Сөзү элге жарыя,

      Сөзмөр Көлөй карыя

      Аңгемем ары уланат,

      Көңдөйгө келген уулдары,

      Көөнөрбөс атам Баястан,

      Баястан эмес Бай арыстан.

      Ушуларды айтайын деп,

      Ойлонуп турдум жанатан.

      Андан ары калтырбай,

      Аңгемемди узартсам,

      Дагы-дагы кеп айтып,

      Дайнымы айтып уласам.

      Каадалуу элден даңк алган,

      Кара көйнөк аталган.

      Жыргалаңда жашаган,

      Жыгачтан уук жасаган,

      Жылдыздуу атам Бүтөбай.

      Берешен жана бай келген,

      Берки атабыз ушундай.

      Уңгусунан калбастан,

      Уламалар уланат.

      Сабалаган жылкыдай,

      Санжыралар куралат.

      Айдыңдуу уулдар тараган,

      Атагы элге даңкталган.

      Аркы атабыз Беккулу,

      Акылдуу адам аталып,

      Айта жүргүн ушуну.

      Карааны тоодой көрүнгөн,

      Кагылайын жан курбу.

      Дагы эмнени айтайын,

      Дайныман кабар тактайын.

      Эл башкарып тың чыккан,

      Эрөөлдө туруп кармашкан,

      Торгой деген атанын,

      Тоодой болгон атагын,

      Топ-тобу менен айтайын.

      Куржунга салып алып барган,

      Кужулдагы чуу жарган.

      Куржун деген атанын,

      Батыра кетем атагын,

      Баштап жазган ырыма,

      Бабамдын жалгыз баласын.

      Абалтадан келаткан,

      Аңгемемди улантам.

      Аркы атабыз Төрөкочкор,

      Аталар жолун уланткан.

      Бабабыз болгон Жамангул,

      Эл багаар эле анык бул.

      Андан ары Алсейит.

      Анан дагы Мырзакул.

СКАЧАТЬ