Бабалардын баяны 2. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын баяны 2 - Кадыр Абакиров страница 2

Название: Бабалардын баяны 2

Автор: Кадыр Абакиров

Издательство: ЛитРес: Самиздат

Жанр: Сказки

Серия:

isbn:

isbn:

СКАЧАТЬ эмес. Өзүнүн ата-теги жөнүндө эч бир түшүнүгү жок. Алардын жети атасын билүү, билбөө өз эрки өз маданияты, же билбесе билбей эле койсун. Бирок өтө улгайып калган адамдардын эсине жети атасын билүү парзы сөзсүз эсине келет. Ошол улгайып калган учурунда санжырага кызыга баштайт. «Мен ким элем, ким болдум?» деген ой туулат…

      Эми экинчи китеп жөнүндө баян кылайын. Китеп Ырыскан атадан Беккулу атанын уулдарынын Көңдөй жерине көчүп келгендигин ыр менен баяндап бердим. Жаш келечек муундар ошол санжыраны да билиш керек. Ошол үчүн ал санжыра да.

      Бул үч китептин жаралышына кызым Жылдыз Абакированын эмгеги аябай зор. Китепти баштан аяк редакциялап, уйкаштыгын келиштире көркөмдөп, толуктап оңдоп чыкты. Эгер анын эмгеги болбосо олдоксон уйкаштыгы жок бир китеп болуп калмак. Китептеги көп керексиз нерселерди такыр алып таштады. Ошондон кийин ушундай китеп жаралды. Ата: «Сизде музыкалык слух такыр жок ошол үчүн ырларыңыздын уйкаштыгы өтө начар» деп, мени уяткарып, аябай оңдоп кемелине келтирди. Мен ошондо уялып ыр жазбай эле койсом дегем. Бул китептерге дагы Айгүл Жүзөнованын эмгеги зор ал үч китепти карап кайра-кайра оңдоп чыкты. Ал: « Олдоксон жазылган ырды эч ким окубасын»– деди. Алардын эмгегин айта кетпесем болбойт. Ал эми баардык чыгармаларымды компьютерге басууда кичүү уулум Автандил Абакировдун эмгеги аябай зор болду. Эгерде ал болбосо, менин ишимиде кенедей жылыш болмок эмес. Анда ак кагазды карап жалдырап отура бермекмин. Ал бала кезинде жумуш иштеп, өзү кампьютер сатып алып, анан ишке киришкен. Менин чыгармаларымды жаза баштаган.

      Муну жазыш үчүн көптөгөн санжыра китепти окуп чыктык. Баса үч китепти тең эчак эле тее илгери жазбадым беле андан бери канча замандар өттү. Андагы төрөлгөн балдар отузга чукулдап баратат.

      Эми сөздү узарта бербейин калганын кийин сүйлөшө жатаарбыз. Баса бул китептеги жана өткөн китептеги кемчиликтерди айтып, же жазып берсеңер дурус болгон турат. Себеби ал кийинки чыккан чыгармада кайталанбаса болду.

      Мен дагы эмнени айтайын дедим эле, мен улгайдым чачым ак чалды. Айлым үчүн Беккулу атанын тукуму үчүн колдон келе турган санжыраны жазып бердим. Алар ата-тегин билип, туулган жерин сүйүп, жашасын дедим. Колуман келген китептерди жазып бердим. Аларды көп китеп кылып чыгарыш өздөрүнүн эрки. Мен эч нерсе айта албайм. Санжырадан башка дагы менин көп иштерим бар: ырларым, жомокторум, поэмаларым, сатираларым, учкул сөздөрүм, мугалимдик чыгармаларым, достук тамашалар жана башка толуп-толуп жаткан эмгектерим. Кээ бир жерде мындай чыгармачыл кишилиерди эли колдойт экен бирок менин ага көзүм жетпейт. Анан тигил санжыраны чыгартып алыш алардын өз эрки. Ал болбосо, мен жазып берген машинка менен басылган кол китепти окуп жүрө беришсин. Менин тилегим ата-тегин билсе болду, андан башка нерсени деле каалабайм. Ал эми рухий маданиятын, байлыгын жогорулатуу ар бир адамдын өз иши.

      Беккулу атанын урпактарына арналат СКАЧАТЬ