Таза ойлор Так сөздөр. Алымкан Камчыбековна Карбозова
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Таза ойлор Так сөздөр - Алымкан Камчыбековна Карбозова страница 5

СКАЧАТЬ style="font-size:15px;">      Үйдү тазалоо, комнаталарды желдетүү, кийимди таза жууп, үтүктөп кийүү бул, ар бир эле адамдын күнүмдүк жашоодогу милдети экени айдан ачык. Аны баарыңар түшүнөсүңөр.

      Турмушта ар бир адам тазалыкты кандайча, кандай деңгээлде пайдалана алат?

      Ойдун тазалыгын сактоо үчүн эмне кылуу керек? Анын зарылдыгын түшүнүп алган пайдалуу.

      Күнүмдүк турмуштагы тазалык – бул, дененин, ички жана сырткы дүйнөңдүн, ойдун, сөздүн тазалыгы!

      Үйдүн тазалыгы – бул ойдун тазалыгы!Демек, ден соолукта болгондугуң ошол.

      Бул өтө жөнөкөй жана көңүлдү анчалык бура бербөөчү нерсе: алган нерсеңди буюмуңду кайра ордунда койгонду билбегендик, ойлогон ойдун баш аламандыгы, үйдөгү же жумуштагы баш аламандык болуп эсептелет же эмнени каалаганды билбей ар нерсенин башын бир кармоо, ички дүйнөнүн баш аламан, тартипсиздиги.

      Күнүмдүк жашоодогу баш аламандык, бул жан дүйнөнүн жараланышы, ойдун бузулушунун башаты, баштаган иштин аягына чыга албастыгы, ийгиликке жетише албагандык, жашоодогу ар кандай жетишпестиктер мына ушундай себептерден башталат.

      Күнөөлүүнү издээрден мурун, өзүңдү өзүң алыстан карап, эмне жасап жаткандыгыңды байкап көр. Азыркы акыбалыңды оболу кабыл ал, андан кийин башкача жасоого өт.

      Китептин кээ бир жерин кайталап окуу “жан дүйнөнү тазалоого, өзгөртүү киргизүүгө” жардам берет.

      Сөздөрдүн кайталанышы “жан дүйнөнү тазалап, ар бир адамды өзү түзгөн программадан жана өзүнө жакпаган дүйнөдөн, жашоонун жаңы барагына, жеңил, кубанып жашоо ыргагына өткөрөт”. Өзүңдүн акыбалыңды кантип жасап алгандыгыңды түшүндүрөт. Албетте, бул нерсени өзү түшүнүп, турмуштук тажрыйбаңдан өткөрө билсең.

      Ошондуктан, “өзүң менен өзүң иштөө, ар бир нерсени терең түшүнүүгө жол ачып, дененин эркин, ден соолукта жашоосуна жол ачат.

      Көнүмүш күнүмдүк жашоодогу ойду өзгөртүү өтө орчундуу маселе. Ага ар бир адам өзү күбө.

      Бул китепти “кумир” тутуп жогору көтөрүүнүн же кемсинтүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби, ар бир адам өз тажрыйбасынан алынган маалымат менен түшүндүрүп жазат. Жолдор ар түрдүү, бирок негизги жол бирөө. Ошондуктан ар ким ар кандай жол менен өзүн өзү таанып, жан дүйнөсүн тазалап жарыкка чыгарат, аң сзиминин деңгээлин жогору көтөрөт. Өзүнүн ким экендигин терең түшүнөт. Жашоонун маңызына маани берет. Жыйынтыгында адам денеси баардык жаралуулар менен тыгыз байланышта экендигин түшүнүп, өзүн бирөөдөн жогору же төмөн коюу эмнеге алып келээрин түшүнөт. Тең салмактуулукта, нетралдуулукта болуунун эмне үчүн керектигин түшүнөт.

      Ошондуктан өзүңдү же башкаларды “кумир тутуу”– бул өз денеңди өзүң талкалоо менен барабар, себеби, башка дүйнөлөр менен болгон байланышың бузулат, жыйынтыгында ден соолугуңа өзүң зыян кыласың. Себеби, бир кана өзүңдү өзүң баарынан өйдө коюу– бул өз денеңди – таарынтуу экендиги анык. Ар бир айтылган сөз, ойлогон ой кайсыл башаттан чыкты, анын жашоодо өмүр сүрүшү ошол кана адамга таандык жана ал адамга түбөлүктүү кызмат кылат, б.а. “эмнени эксең ошону кана аласың”, СКАЧАТЬ