Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп. Comment Department of People's Daily
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - Comment Department of People's Daily страница 28

СКАЧАТЬ кызматта болуу биринчи кезекте татыктуу адам болуу дегендик. Татыктуу адам болуу үчүн жекече өркүндөш керек, бул принцип эзелтен бери өзгөрүүсүз бойдон калууда. «Адегенде жеке сапаттарды өркүндөтүү керек, анан үй-бүлөдө ынтымакты орнотуу; үйдө гармонияга жеткенде, мамлекетте тартипти калыбына келтириңиз; мамлекетте тартип орногондон кийин, Асман асты падышалыкта тынчтык орнойт». Бул принцип жеке жакшыртууга негизги орунду ачык-айкын берет. «Үч катаал, үч намыс» принцибинде жеке сапаттарды өркүндөтүүдөгү катуу талап да негизги орунду ээлейт. Башкы катчы Си Цзиньпин бир нече жолу жетекчи партиялык кизматкерлерден өз ишин катуу талап кылып, «пайдага азгырганда да жүрөк тайбасын, дүнүйө жыргалчылыгынын кымындай азгырыгында да көз тайбасын» деп талап кылган.

      Жашоо – бул моралдык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү жолу дешет. Кадрдык партиялык кызматкерлер үчүн жеке сапаттарды жогорулатуу – бул дагы турмуштук милдет. Си Цзиньпин белгилегендей, партиялык билимди, идеологиялык аң-сезимди жана жетекчи партиялык кызматкерлердин адеп-ахлактык деңгээлин партиялык тажрыйбанын топтолушу жана кызматтык абалынын өсүшүнөн улам көтөрүлүү үмүтү менен кокустан калтырбоо керек. Адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо жана өнүктүрүү өмүр бою тынымсыз аракетти талап кылат. Баштапкы этапта бул «ишенимге берилгендик, элге кызмат кылуу, мамлекеттик милдетти аркалоо, чоң жоопкерчиликти мойнуна алган эрдик, кристаллдык чынчылдык».

      Андан ары «Төрттө «бар» деген талаптарды аткаруу керек: «Жүрөктө партия бар, жүрөктө эл бар, жүрөктө жоопкерчилик бар, жүрөктө тыюу бар» деген талаптарга жооп беришиң керек. Жана акырында «берилгендик, моралдык тазалык, жоопкерчилик» сапаттарын калыптандыруу керек, анткени партиялык мыкты кызматкер болуу үчүн адамдын ички дүйнөсүн талыкпастан өзгөртүү, партиялык ан-сезимди чыңдоо, моралдык сапаттарды чыңдоо, адамдан дайыма партиянын Уставын жана партиялык нормаларды сактоону талап кылуу керек. Ар бир ирмемде өзүндүн жүрүш-турушуңа контролдук кылып, өзүн-өзү түшүнүп, өзүнө сергек мамиле жасап, жетишүүгө шыктандыруу керек. «Түз жана ак ниет адам, жоопкерчиликтүү кызматкер, чынчыл жана бузулбас мамлекеттик кызматкер болуу» зарыл.

      2013-жылы Си Цзиньпин өзүнүн студенттик дооруна токтолуп, мындай деген: «Мен айылдагы жумушчу күчкө кошулуп, өзүмө: «Жеке сапаттарды жакшыртуудан башта» деген ураан тандадым.

      2014-жылы Пекин университетинин окутуучулары жана студенттери менен болгон биргелешкен жолугушуусунда Си Цзиньпин дагы бир жолу мындай деп баса белгиледи: «Адамда адеп-ахлак болот, коомдо болот жана бардык учурда жеке сапаттарда жана эмгекте принципиалдуу мааниге ээ адеп-ахлак мыйзамдарын урматтоо жана өзүн адептүүлүккө тарбиялоо зарыл» Башында «элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, ошондо эл сага кайрымдуулук көрсөтөт, элге айкөлдүк көрсөтсөң, ошондо эл сага айкөлдүк көрсөтөт». Андан кийин, сен «эл мени тааныбайт деп кабатыр болбошуң керек, бирок мен адамдарды тааныбайм деп тынчсыздануум СКАЧАТЬ