Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп. Comment Department of People's Daily
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп - Comment Department of People's Daily страница 24

СКАЧАТЬ тынч эместигинде». Сөздүн мааниси мындай: «Тынчсызданууга элдин, жердин аздыгы эмес, бийликтин адилетсиздиги себеп болушу керек. Тынчсыздануунун себеби байлыктын жоктугунан эмес, эл арасында коопсуздук, кубаныч сезиминин жоктугунда болушу керек».

      Конфуций «Чунцю» («Жаздар жана күздөр») доорунда жашаган, ал кездеги ханзаадалар чексиз бийликти пайдаланып, элдин жерин, мүлкүн уятсыздык менен тартып алып, коомдун жакыр жана бай катмарына бөлүнүшүн күчөтүп, элдин нааразычылыгын жараткан. Конфуций «өкмөттөгү адилеттик» «өлкөдөгү тынчтыктын» маңызы деп эсептеген. Башка жагынан алып караганда, ал «өкмөттүн адилетсиздиги» тымызын «өлкөдөгү баш аламандыктарды» пайда кылып жатат деп эсептеген. Ошол себептүү Конфуций «адилеттик өкүм сүргөндө эл кыйналбайт; жалпы элдик гармония өкүм сүргөндө эл өлкөдөн чыкпайт; өлкө тынч болгондо, башкаруучуга коркунуч жок болот». Чындыкты байкоонун тарыхый тажрыйбасына таянып, Конфуций карапайым калк арасында кеңири тараган коомдук турмуштун психологиясын ачык түшүнгөн – «бизди тынчсыздандырган нерсе элдин аздыгы эмес, өлкөдө адилеттүүлүктүн жоктугу».

      Жыпар жыттуу жазгы токойдо былтыркы жалбырактардын ордуна жаңы жалбырактар өсүп жатат, тез аккан суунун агымында аккан толкун басаңдап, кийинки толкундарга орун бошотот.

      Цитата «Бүткүл кытайлык партиялык мектептин жумушчу чогулушунда сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

      ТҮШҮНДҮРМӨ

      Дал акын Лю Юйсинин поэтикалык саптарында сүрөттөлгөндөй, эскинин ордуна жаңынын келиши табигый көрүнүш. Партиянын ишинде ырааттуулук жана өнүгүү болууга тийиш, партиялык жетекчи кызматкерлердин муундары жалпы иш үчүн күрөштүн эстафетасын жаңы муунга тапшырып, бири-биринин жолун жолдоого тийиш.

      Си Цзиньпин жетекчи партиялык кадрларды даярдоого жана тарбиялоого зор маани берет. Татыктуу жетекчи партиялык кызматкерди даярдоо үчүн биринчиден, өзүнүн аракети, экинчиден, партия жүргүзүп жаткан тарбияга таянуу керек деп айткан кезинде. Жаш лидерлик партиялык кызматкерлерди даярдоо боюнча Си Цзиньпин өзүнүн «таланттуу кадрларды даярдоо ыкмасын» сунуштады. Бул ыкма «бүчүрдү жерде көпкө сактоону», башкача айтканда, партия мүчөсүн «жамгыр жана шамал» менен сынап көрүү, турмуш-тиричилик жана эмгек шарты оор аймактардагы баштапкы уюмдарда иштөөнүн жеке тажрыйбасына ээ болуп, стресстин шарттарында кечиктирилгис жана маанилүү милдеттерди аткаруунун натыйжасында бышып жетилүү. Ушундай даярдыктын аркасында гана партиянын мөчөсү реформаны жана өнүгүүнү кадыресе шарттарда ишке ашыруунун практикалык ишин жүргүзүүдө жоопкерчиликти жогору сезе алат.

      Си Цзиньпин баштапкы уюмдарда көп жылдардан бери иштеп, ар кайсы мезгилде айылдык партиялык ячейканын катчысы жана уезддик партиялык комитеттин катчысы кызматтарын аркалаган. Анын артында жазуучу Цзя Дашань менен болгон аңгемелешүүлөрү, анын эл жана мамлекет үчүн басып өткөн өмүр жолун иллюстрациялаган «баштапкы СКАЧАТЬ