Название: Бабалардын жанырыгы
Автор: Кадыр Абакиров
Издательство: ЛитРес: Самиздат
Жанр: Сказки
isbn:
isbn:
Тагдыр жазып койгонбу Агуулдан: Адигене, Тагай, Моңош жана Наалы эже төрөлдү. Тагай төрөлгөндө атасы аябай сүйүнүп:
– Жоо жакадан алып турганда эркек тана болгону жакшы. Аман- эсен болуп, душман сүрбөсө да ат кайтарып берсе болду,-деп кудайга тобо кылды. Атасы Тагайга кичине чагынан жоокердик өнөрдү үйрөттү. Тагай олбурлуу бара-бара туурасы өсүп, денеси чымыр тарткан. Башкалар аны тике карагандан айбыкчу. Ал бала кезинен эле өтө шок жана ат жаныбарга өтө жакын болгон. Күлүк ат чаап чабандестик ишке өтө берилген. Атка чуркап келип, үзөнгү теппей секирип минеер эле. Бул жорукту көрүп аялы Бермет:
– Бул жоругуңуз жарабайт, салабаттуу эле үзөнгүнү тээп минбейсизби,-деп жактырбай каткырып күлүп калаар эле.
***
Ыраматылык Агуул эрте кырчын кезинде көз жумуп, Тагай менен Адыгене атадан жаш калды. Экөөнө баш көз болуп Наалы эже жүрдү. Эже эки бир тууганынын тагдырын өтө тынсызданып ойлочу эле. «Тагдырдын соккусуна учурап, жаш немелер жок болуп кетип Агуулдан тукум калбай калабы»– деп жатпайбы. Ошол үчүн Наалы эже турмушка чыкпай «Эки инисин чоңойтом»– деп ак эткенден так этип турчу. «Балтыр бели катып, чоңоюп алса, бой бербейт эле»– деп ойлоочу. Тагдыр ошондой болду. Наалы эже эки инисин «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» чоңойтту. Инилери да акылдуу экен Наалы эженин сөзүнөн чыкпай жакшы бой тартышты. А түгүл экөө кыргыз элин бириктирип, бир эл кылып, бири түштүктө бий болсо, экинчиси түндүктү башкарып, элге арка тирек бел болду. Ал заман Чынгыз хандын урпактарынан калган, азуусун айга жаныган Моголстандын заманы эле. Моголстандын ханы Жунус, анын уулу Ахмад, Халилдер кыргыздары эзип турган каардуу учур эле. Касиеттү Тагай бий элди эзгендерге жек көрүү менен мамиле кылып, жөнөкөй адамдарга арка бел, жөлөк эле деп улама, санжыраларда айтылат.
Кудайым шыбаа айтып койгонбу, кыргызда эр жигиттин бактысын алган жары ачат дейт. Анын биринчи жары Бермет бийге жарашыктуу аял боло турган. Ал бийдин ички сырын көзүнөн эле айттырбай билип турчу дешет. Ошону менен ал Тагай бийдин элге болгон ишин арылатып, журтка жакындатып, өзүмчүл эмес өз көмөчүнө күл тартпаган калыс эле деп карыялар сүйлөгөн уламаларда көп кеп болот.
Душмандар уу коргошун берип жок кылабы,-деп ага жаш кезинен уу коргошун таткантып жүрдү.
Уу коргошун ичип алганда.
Тагай бий такыр өлбөгөн.
Азабын көрдү жашоонун,
Ал пенде нени көрбөгөн.
Ат үстүндө баратып, жаа атып, найза сайып, кылыч чапканды эң жакшы көргөн. Адигене аны бий көтөрүп салды. Ал башынан эле адилет, калыс жана жолдоштору жемелеп турса да, оор басырыктуу көтөрүмдүү болчу. Жана бир нерсени будамайлап кетпей, чуу куйрук жайы жок ушул сапатынан эле башкаруучу хан же улук бий боло турган жөндөмү болгон. Ал кең пейил жетим жесирлерге кайрылган өтө кайрымдуу пенде эле. Адамда чынчылдык, боорукердик, токтоолугу жагы тоодой СКАЧАТЬ