Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 23

СКАЧАТЬ коюп жатып, денеси менен кошо өзүнүн сүйгөн тулгасын, кылычын, жоону сайган найзасын, айбалта, жаасын жебелери менен кошо, дайыма үстүнө түшүрбөй кийип жүрчү ак олпогун, денесине кийчү тор темирден токулган торгой көз бадана соотун, чарайнасын жана жоону дайма сак болуп караган дүрбүсүн кошо көмүштү. Ушундай шашылыш жоо каптап келген учур болсо да улуу баатырды урматтап, коюулган жерге усталар курч кескич менен бал-бал эстеликтерди орнотту. Усталар муну ары-бери каттаган адамдар билип, эрдикти унутпай, эскерип кетип турсун дешкен. Кийин ошол жерден булак агып чыгып, касиеттү тал өсүп, журт сыйынуучу жерге айланып кеткен экен. Кийин ошол жер «Долондун бели, Долондун ашуусу» деп аталып, Долон атанын сөөгү коюлган касиеттү ашуу азыр деле ошондогудай турат. Азыр деле ал жер кыргыз эли үчүн сыймыктуу. Ал жерге улуу баатырга куран окуп, эскерип өтүп кетишет. Жел согуп, шамал болуп, жаз, жайды айландырып убакыт өтүп турат. Ал ашуу тили болсо өткөн тарыхты санжыра кылып айтып бере алаар эле. Аны билген карыялар да небак өткөн. Ал баян улама-санжырада гана сакталып калган.

      Көч касиеттү бийдин ариетин өткөрүп бүтүп, жоодон коргонуш үчүн түштүккө карай илкип-калкып көчүп кетип баратты.

      ***

      Улама санжыра боюнча Долон бийдин үч аялы бар экен. Эң биринчи аялы эгиз Агуул, Кубулду төрөйт. Кийин кытай кызына үйлөнүп андан Моңмош деген уулду болот. Бий аны «Кыздан төрөлгөн уулум деп аны Кызылуулум» деп атаган экен. Агуул менен Кубул бой жетип, атасы сыяктуу эр болуп, эр уулу менен тең болуп, келаткан эле. Агуул айтты:

      – Журтка мен бийлик кылам.

      Кубул да намыс бербес өтүмдүү курч эле ал айтты:

      – Жок журтка мен бийлик кылам, элди кичүү иниси башкарыш керек.

      Агуул токтоо кайраттуу, «элге пайдамы тийгизем» деген, кең пейил жана жайдары күлкүнүн элеси жүзүнөн төгүлүп турчу. Ал журт башкарууга жаралган эле. Ал эми Кубул өтө өкүм, кайраттуу ошонусуна карап кээ бир ишти өзүнүн ыңгайына карап чечип, калыстыгы жок сыяктуу эле. Бийлик талашып экөө эрегишип кетти. Эки туугандын эрегишүүсүн билип журттун улуу адамдары Эсенгул, Баймөңкө жана башка касиеттүү адамдар баарын Баргы байбиченин үйүнө чогултуп, ак сакал улуу карыя айтып турду:

      – Кагылайын Баргы келиним мына журт көрүп турат, булардын кимиси улуу, кимиси кичүү,– деп балдарды тууган энесине кайрылды.

      Ошондо Баргы айым карылардан ыйбаа кылып, башын жерге салып айтты:

      – Агуул оң бөйрөгүмдө болчу ал биринчи төрөлдү, Кубул сол бөйрөгүмдө болчу ал андан кийин төрөлдү,-деген экен.

      Ошондо сакалы белине жеткен жүз жаштан небак ашкан карыя акылман сөзүн айтып турду:

      – Кагылайын Агуул сен оң бөйрөктө жатып биринчи төрөлүпсүң, Кубул сен сол бөйрөктө жатып экинчи төрөлүпсүң. Кыргыз салты бюнча улуусу эл башкарат. Анткени жол улуулата келет да. Ал эми сен Кубул бул атадан калган дүнөгө ээ болгун бирок, байлыктын баарын өзүң албай эл менен бөлүшүп, эл менен туугандарың менен бирге болсоң кор болбойсуң. Эл бактылуу болсо, силер да бактылуу болосуңар. Ата-бабаңар эл башкарып, журтту тескеп жүргөн кишилер болчу, силер дагы чабышпай ошолордун СКАЧАТЬ