Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 11

СКАЧАТЬ келип берген. Добун кадыр эсе эркектерче чөнтөгүндөгү бычагын алып жамбаш сөөктүн этин калтырбай мүлжүйт. Тамак жеп жатып, керемет жомок айткан улигерчи отурган дөбөнү улам-улам карап коёт. Ал жерде эч ким жок экен. Баары жомок угуп тарап кетишиптир. Тиги түзөңдө той кызуу өтүп балбан күрөш жүрүп жатыптыр. Эки чоң семиз адам белинен өйдө жылаңач болуп күрөшүп жатат. Тойду акылман белгилер башкарып жүрүшөт. Мына тайшиттердин бир балбаны күрөшкөнү чыкты. Эки балбан бири-бирин жыга албай букадай челишип жатат. Экөө тең оңой эмес экен. Акыры кермураттын балбаны тайшиттерин балбанын көтөрүп чаап, аны эл кыйкырып сүрөп жатат. Тойдо жаа атуу мөрөйү башталып, ким узун карагайдын башында илинген чымчыкты алыстан атып алса, сый катары эки кой берилмек. Жаачылар четтен туруп жакшылап эле атып жатышты бирок, бирөө да тийгизе албады. Анан мергенчилер эки жаат болуп аткылап киришти. Ошондо Добун өзүнүн уруусу менен жаа атуу мөрөйүнө кошулуп бак башындагы алакандай чымчыкты атып алышкан. Топту башкарган узун бойлуу эжигейдей сары башчы мерген баланы ийинден таптап:

      – Мына сен дагы биздин уруунун мергендеринин катарына кошулдуң,-деп куттуктаган.

      Добун сүйүнүп, жаасын кайа-кайра өпкүлөп, атам сыяктуу мен да чоң мерген болуп, үйдөгүлөрдү кор кылбай багып алам деп өзүнө-өзү кайра-кайра ант берген. Ошол тойдо элге аралашып жүрүп Корултай мергендин кызы Алан-Коого жолугат. Кыздын боюу узун мойну койкоюп, бети сепкил тарта караган жанды өзүнө тартат. Добун ошол кызды тымызын сүйүп калды. Алан-Коо кыздардан бөлүнүп баланын жанына басып келет. Экөөнүн көздөрү бири-бирине чагылып сүйүү элесин берди. Бала кызга,-Жаамы алгын ,-дейт.

      Кыз:

      – Сага дагы жаа керек,өзүмүн жаам бер,-деген

      Кыз өзүнүн ата-жотосун Добунга аңгемелеп айтып берген. Экөө аман болсок дагы жолугабыз деп ажырашты.

      Ошондо эле булардын тагдырын кудай бириктиргендей болгон.

      Салтанат шааниси жай бүтүп, тойго келгендер жай-жайына тараган. Добун тойдон кийин өзүнүн кер быштысын табай албай бушайман болду. Бала жаасын кармап, токтобой ары бир чуркап, бери бир чуркап, эч бир жерде кер быштысын таба албады. Акыры айласы кеткен Добун Алтан төрөнүн жигиттерине кер быштысын жоготуп ийдим деп даттана кайрылган.

      Кара тоголок жигит:

      – Кеч болуп калды үйүңө бара бер кер быштыңы тапсам байлап коём,-деген.

      Добун чуркап отуруп өзүнүн боз үйүнө эл орунга отурганда араң жеткен. Бул кезде,-Балабыз эмне болду,-деп атасы Борчу энеси Аймарал айыл четинде жолдун айрылышындагы чоң кара таштын жанында күтүп жаткан экен. Алар алыстан сербеңдеп чуркап келаткан караанды көрүшүп:-Биздин бала экен,-деп сүйүнүшкөн.

      Борчунун жини келип, аны Аймарал тыйып:

      – Баланы көп жемелебечи ансыз деле айыптуу болуп келатат.

      Борчу аялынын сөзүн угуп жумшарат.

      – Балам, кер быштың кана?-деди бору ооруп.

      – Эцеге(ата)мен аны чылбырын СКАЧАТЬ