Бабалардын жанырыгы. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын жанырыгы - Кадыр Абакиров страница 10

СКАЧАТЬ Душмандарга каршы ар кандай даядыкты көрүп жатты. Кыргыздар ошентип эки оттун ортосунда калды. Калмактардын жана келе жаткан монголдордун чабуулуна тушуга турган болду. Монголдор өтө ырайымсыз кан ичеер болгон алар кыргыздарды кылыч, найза курал жарак жасаттырып алар менен душмандарына каршы согушуп турган. Ошондой эле кыргыздардан жоокер курап аларды эң алдыңкы сапка тизип жоого каршы жиберген. Катуу согушта байкуш кыргыздар көп кырылып такыр бири калбай жок болгон учур да кездешкен. Ошол үчүн монголдордон такыр күдөр үзүп, аларга кыргыздардын дити агарбай калган.

      ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН ТҮПКҮ ТЕГИ КЫРГЫЗБЫ

      Жапыз тоонун түшө калышынан бери шиберлүү аймак созулуп, чөбү чыктуу келип малга тоюттуу ушул жерди Эрке Харанын боз үйү андан башка тайшит урусунун адамдары жанаша конгон. Булардын ичинен байы эле ушул Эрке Хара. Анын көптөгөн төрт түлүк кой, эчки, уй, өгүз, жылкы жада калса, бийик тоолордо сан жеткис топоздору жайнап жайылат. Бул жердегилер Эрке Харага баш ийет. Анын бир канча кул-кутандары бар. Аймакта көптөгөн адамдар жашап, алардын арасында Борчунун үй-бүлөсү да бар. Ал сөөк-саактуу боюу узун далдагай адам. Анын ата-бабасы көптөн бери ушул жерди конуштап мергенчилик кылып келатат. Анын кой көздүү кара каштуу бир-бирине оп-окшош үч баласы бар. Борчу малга аттын кылынан чылбыр эшип жатканда ага аялы Аймарал айтты:

      – Дайым эле эркек балалуу болдук. Эмки наристебиз мага кол кабыш кылгандай кыз болсо экен.

      Анын айта турган жөнү бар болучу. Кайын энеси улгайып каруу күчтөн тайып калды. Ал эми Борчунун биринчи аялы мындан эки жыл мурун төрөттөн ооруп дүйнөдөн кайтып, үй-бүлөнүн түйшүгү казан-аяк иштери жалаң Аймаралдын колунда калды. Анын үстүнө үч баласын өтө жакын жүйүр төрөп аларды чоңойтуу да азап болгон.

      Акырындык менен мезгил жылып жатты. Борчу түйшүктүү адам аңчылык менен шуулданып, үй-бүлөсүн багыш үчүн жер кезип, тоо-талааны аралап жүргөнү-жүргөн.Тамагын жалаң талаа-тоодон тапкан.

      Бир жолу коңшу айылдагы атактуу Алтан төрө той берип жатыптыр деген каңшаар угулду. Ошондо Борчунун баласы Добун атасына айтты:

      –Ата, Алтан төрө чоң той берип жатыптыр. Мен ошол жакка барып келейинби?

      –Мейлиң балам, бирок этият бол меркит уруулурынын жигиттери келет деди эле, алар көрүп калса сени зыян кылбасын.

      –Эцеге (ата) мен алардан коркпойм жаам бар эмеспи.

      –Балам чеберде жааң менен бирөөн кырсыктатып саласың.

      –Чебердейм, эцеге андай жерде жааны пайдалана билиш керек. Зыян болуп кетсе, жаман былтыркы керет уруусундагыдай чатак болот,-бала кадыр эсе чоң кишидей жооп берди.

      –Анан жаа атышуу мелдешке катышам,эгерде жеңсем Алтан төрө мага чоң сыйлык береер.

      Ошол күнү күн ачык болду. Өрүштө ыңкып жаткан мал. Аларды көзөмөлдөп жүргөн малчы балдар, кул-кутандар. Ар тарапка сайгактап качкан уйлар, аларды кайтарып жүргөн атчан адамдар. Өтөктө СКАЧАТЬ