Название: Март Революциясы. Коомдук-саясий драма
Автор: Замирбек Өсөров
Издательство: Издательские решения
Жанр: Драматургия
isbn: 9785005137548
isbn:
Үчөө тең: Ооба, биз билебиз, сен Акаевди тактан кетирдиң.
Эми бул президентти да кетирип берсең, сени биз кечирдик.
Рухайым: Кеткиле нары, караңгы күчтөр.
Силер мени дубаласаңар,
Силерди урган болот Манастын руху.
Кыш… желмогуздар. Силердин убактыңар өттү,
ырдаган ырыңар бүттү.
Акаевди мен эмес – Кудай кетирди!
(Көшөгө).
Экинчи акт
Сахнага Диктор чыга.
Диктор:
Бул акт Конституциялык реформага
Багышталат.
Эки тарап кантип күчкө салып
Утулуп калганын чагылдырат.
Ал эми эгерде бир бүтүмгө келе алганда,
Жылат эле эртеңкиге коомубуз бачым.
Оппозиция да,
Өкмөт түзүлүштөрү да
Өз ээлеген ордун туура табып,
Өзүм баарын ээлейм, башкарам деген
Өлүп тарпы чыккан саясый каада-салт
Албайт эле бизди тузакка кайрадан.
Сахнадан кетет.
(Көшөгө ачылат).
Биринчи көрүнүш
Ала-Тоо аянты.
Сахнада Журналист менен Рухайым.
Журналист (колундагы газетасынын соңку номерин жайып):
Мына мындай жаздым акыркы макаламда. Окуп берейин (гезиттеги макалага үңүлүп окууга даярданып). Президент жана анын жакындары биздин гезитте жарыяланган макалаларды үзбөй окуп жатпайбы. Ошондуктан ага таасир бере алабыз деген оюм бар.
Рухайым: Арийне, сенин жазган макалаларыңды ал окуйт болушу керек. Сенин жазганыңды окуп урматтайт эмеспи. Баса, эмнеге кызматты сурабайсың? Ал кантип сенин талабыңды, ой-максатыңды билип койсун? Өзуң сурабадыңбы – демек, сага кызмат керек эмес экен деп түшүнөт да, башкалардын барысы жан талашып бийликке, жана кызматка илешебиз деп күндүр-түндүр чуркап жатса да.
Журналист: Кандай кызматты сурамак элем?
Рухайым: Сен эмне, түбөлүк журналист бойдон өтөт белең? Ажодон пресс-кызматынын жетекчилигин сурап же ал болбосо, өкмөт гезиттеринин биринин редакторлугун ал. Ал дагы колуңа тийбесе, чет өлкөлүк элчилигинин жетекчилине жет. Кубан Мамбеталиев, Рина Приживойт, Замира Сыдыкова ага-эжекелериңден эмнең кем? Мүмкүн болушунча баарын сурай бериш керек. Бири тийбесе бири тийет. Эл үчүн иштейм дейсиңби жүрөгүңдө, кызматтан көтөрүлгөн сайын мүмкүнчүлүгүң артат. А эгерде кызмат сурабасаң, сенин ордуңду татыксыз бирөө ээлеп, ишти бузуп аягында сен дагы күнөөлүү болосуң.
Журналист (ойлонгон таризде): Бир жолу сураган элем ажонун өзүнөн. Өкмөттүк гезиттин редакторлугун. Оппозициянын толкуну аябай күчөп бараткан чакта, Кыргызстан жарандык согуштун коркунучу астында калганда. Бирок ал максатым иш-жүзүнө ашпады. А сен эмнеге кызмат сурабайсың? Сени дагы ажобуз жакшы тааныйт эмеспи? Илгери эле президент боло электе, СКАЧАТЬ