Название: Март Революциясы. Коомдук-саясий драма
Автор: Замирбек Өсөров
Издательство: Издательские решения
Жанр: Драматургия
isbn: 9785005137548
isbn:
Сен биз тарап экениңди көрүп,
Жеңиш биз тарапта болоорун түшүнүп.
Рухайым: Жүр эмесе, кулаган Ак-Үйдүн короосуна кирип, аерде сүйлөгөн ораторлордун сөздөрүнө кулак салып көрөлүчү. Алар эмне жөнүндө сөз кылып, эмнени ойлоп жатышат экен?
Аянтта кайрадан калың элдин үндөрү угулат:
Бакиев! Бакиев! Бакиев!
Кулов! Кулов! Кулов!
Экинчи көрүнүш
Сценага Даанышман менен Эл-аралык эксперт Куудул чыгышат. Даанышман – салабаттуу, оор басырыктуу адам, Эл-аралык эксперт – Батыш өлкөнүн өкүлү. Куудул – элпек, ыкчам кыймылдап, сымаптай ойноп, турган жеринде бийлеп да, машыгып да, энергияга толгон жигит.
Эл-аралык эксперт:
Дал экиге бөлүндү өңдөнөт өлкөнүн электораты,
Жарымы Бакиевди жактырып, башкасы Куловду.
Эми бул эки чыгаан кантип бөлүшөөр экен бир кызматты,
Утулган тарап да козгоп жибербейби кээ бир бүлгүндү?
Даанышман: Кудай сактасын андан. Кан төгүлбөй, баардыгы ушундай аяктаганы дурус эле болду. Эгерде ок атылып кан төгүлгөн болсо, бийлик менен элдин ортосундагы тирешүү мынчалык бат жана күтүлбөгөн жерден оңой басылмак эмес.
Эл-аралык эксперт: Эми аны териштирүүгө кажет жок. Кан төгүлүшү керек элеби же жокпу, ак-шапкечендерби же митингчилер өзүлөрүбү Бишкектин магазин-дүкөндөрүн тоноштубу же шаардын мыңк этпей жүргөн момундары түн ичинде шаарды тозутуштубу – эми бары бир болуп калбадыбы. Ошондой эле бул эмне өзү – ыңкылаппы же төңкөрүшпү же жөн «захватбы», мордобой, мародерчулукпу – мунун баарын эми тарых өзү ырастайт.
Даанышман: Ооба, мунун баарын тарыхка жана кийиңки муундарпыбыздын сынагына, сотуна, көзөмөлүнө кой…
Эл-аралык эксперт: Yes it is, I am wholly agry with you. It is just the Great Kyrgyz Revolution!
Куудул: А балким революция болбой калсачы?
Эл-аралык эксперт: Жок, жок. Бул накта революция. It is just the Great Kyrgyz Revolution! Little late all other states around you will go after yours path.
Даанышман: Бул соболдорго азырынча жооп табылбайт.
Кандай болгондо да Акаев качып кеттиби, бала-чака, күйө-балдары менен кошо, демек Кыргызстанда бийлик алмашты деген кеп да. Ал эми бийлик алмашканда, аны менен кошо бийлер, төрөлөр алмашат бири калбай, коом бир аз болсо да тазарат деген шанс, мүмкүнчүлүк пайда болот эмеспи.
Куудул:
Ооба, болгон дейт ошондой үмүт, кыял,
Эл-аралык деңгээлде тарады ушундай мишмиш,
Тетиги Грузия, Украинадан жуккан ооруу имиш,
Аягы айланса да ботко, кишмишке.
Бул уже биздин эмес маселе, ишибиз —
Баардыгана жооп беришет эртең —
Жыргал турмуш жаралабы же тажаалбы, —
Революциянын самап жараткандар,
Алла-Талаага ыраазылыгыбызды айталы СКАЧАТЬ