С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат. Замирбек Өсөров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат - Замирбек Өсөров страница 5

СКАЧАТЬ физика-математикалык мектептин окутуу системасын бардык жагынан терең изилдеп келгиле. Мына ушул нерсеге биринчи кезекте көңүл бургула. Кийин аспирантуураны бүтүрүп, өз жерлериңерге кандидат, доктор болуп кайтканыңарда, дал ошол Новосибирсктеги калыптанган, бүткүл дүйнөгө дүңгүрөгөн таланттуу өспүрүмдөрдү даярдоо системасын ушуерде, өзүңөрдүн мекениңерде, Кыргызстанда кеңири түзүп берүүгө жарай турган болгула» – деген илимпоз-аксакал.

      Азыр ошол жаштардын бүт бары физика-математика илимдердин кандидаттары болуп, кээ бирилер докторлукка да жетишип республикабыздын институт, университеттеринде ийгиликтүү иштен жатышат.

      Алардын арасынан Өмүрзак Мамаюсупов алгачкылардан болуп Новосибирскте терең изилдеп, үйрөнгөнүн өз жергесинде ишке ашыра баштады. Айтмакчы, бул багытта Новосибирскке баргандан мурда да Өмурзактын айрым тажрыйбалары болгон эле. 1974-жылы ал өзүнүн бир тууган иниси Маккамбай экөөлөп (Маккамбай дагы физика- математика илимдердин кандидаты, азыркы убакта Ош мамлекеттик университетинде ага окутуучу болуп иштейт) математика жана физика боюнча адистештирилген кружокту уюштурушат. Ошол кружок кийинчерээк адистештирилген класска айланып, жетекчилигине мектепте иштеген математик Каныбек Матисаев дайындалган.

      Демек, студенттик жылдардан тартып бул эки бир туугандын максаты бир болгон айылдык таланттуу балдар-кыздар үчүн терең билим берүү системасын куруп беруу, алардын бактына дүйнөлүк стандарттагы мектептерди ошол эле айыл жерде уюштуруу болгон. Ушул эки зирек, арканды үзүн таштаганды билген жигиттерибиздин мээнети, тынбай изденүүсү аркылуу Кыргызстандын алыскы тоолуу айылдарынын биринде таланттуу балдарды, жана ошондой эле таланттуу, адис мектептерде иштей ала турган мугалимдерди, тандал-иргеп, тарбиялап алуу системасы акырындык менен курула баштады десек болот.

      Чындыгында максат абдан оор, түйшүктүү эле, аны иш жузуне ашыруу үчүн көп күч, энергия сарпталышы керек болучу. А бирок мындай энергия бул бир туугандарда жана Чечме-Сай айылынын тургундарында бар болгон экен.

      Баса, бул системаны курушабыз деп, буларга чейин бир нече кыйын педагогдорубуз бар болгон, бүт өмүрүн ошого арнап, өз үй-бүлөсүнө, балдарына колу жетпей дүйнөдөн кайгылуу өтүшкөндөр да жок эмес. Алардын арасында Сокулук районунда иштеген педагог Жунусов Турсунду (өзү Совет районунан болгон) жана Ала-Букада өмүр бою кызмат өтөгөн (өзү Сузакта туулган) Пазылбек Жуманазаровду өзгөчө айтып кетүүгө туура келет. Экөө тең республикабыздын мыкты педогогдорунан болушуп, элет жерде физмат мектепти уюштурабыз деп, бул оор ишке чексиз берилгендигинен эрте кетишпедиби – бири рак оорусунан запкы жеп, бири трибунада депутаттардын алдында доклад окуп жатканда, кыргыз мектебинини учурдагы оор абалы туралуу, жүрөгү жарылып. Бул эки агайды тең Өмүрзак жакшы билген, аларды өзүнүн насаатчысы катары баалайт жана алардын ишин улантууну өзүнүн өмүрлүк парзындай көрөт. Ошол эле убакта Өмүрзак ал агайлардын кетирген кемчиликтерин өзүнүн иш тажрыйбасында СКАЧАТЬ