Название: С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат
Автор: Замирбек Өсөров
Издательство: Издательские решения
isbn: 9785006284333
isbn:
ЭЖИАДтын уюштуруучулары болуп Кыргызстандын улуттук Академиясынын Математика институтунун илимий кызматкерлери, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Академиянын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев, Математика институтунун ага-илимий кызматкери, физика-математикалык илимдердин кандидаты Омурзак Мамаюсупов жана физика институтунун ага-илимий кызматкери, техника илимдердин кандидаты Абдисалам Чылымов катышышкан. Булардан тышкары учредительдердин арасында «Асаба» партиянын активдуу мүчөсү жана жетекчилеринин бири Майрамбек Чекиров, борборубуздагы «Хен-Фен» банкынын кызматкери Каныбек Абдыкадыров, «Чыгыш» аттуу кичи ишкананын жетекчиси Асылбек Чолпонбаев жана Амирбек Усмановдор бар.
Өзунун техникалык, илимий, материалдык жардамы, координациялоосу астында ЭЖИАД буткул өлкөбүз боюнча алыскы тоолуу айыл-кыштактарында талантуу балдар үчүн физика жана математика багытында 40 лицей-мектептерди ачууну долбоорлоп жатат. Бүгүңкү кундө өлкөбүздө ондогон мындай лицей-мектептер негизделип жатат десек жаңылышпаган болобуз.
Биринчи натыйжалар эле эң жакшы, ал турсун таң каларлуу дегенге арзыйт. Бул лицейлердин жанданышы менен коомчулугубузда таптакыр жаңыча, мурда болбогон психологиялык ситуация пайда болууда. Элеттик жергебиз ушунчалык келечектеги потенциалдуу ломоносов, пушкин, ахунбаев, табышалиев, юдахин, айтматовдорго бай экенине, лицейдин алгачкы түшүмүнөн, жетишкендиктеринен байкап, көзүбүз ачылып жатпайбы! Аларды бириктирип, интенсивдүү окутууга ылайыктуу шарт түзүп берсең эле болду, бири бири менен эрегишип, абдан тез өсүп, жетилип чыгышат экен.
Ноокат районундагы Кара-Таш айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу мектеп-лицей ушул типтеги мектептердин эң алгачкысы. 1993-жылы биринчи бүтүрүүчүлөрдү чыгарышкан. 18 улан жана кыз. Алардын баары, бири калбай, өз күчү менен өлкөбүздүн жогорку окуу жайларына өтүшүп, бүтүшкөн. Айрымдары бир эле кезде 2—3 институт, университеттерге өтүшүп, эң ылайыктуусун тандап терең билим алышууда. Райондук, областтык, республикалык предметтик олимпиадаларга катышканда да дайыма жеңүүчүлөрден болушат. Математикадан болобу, физикаданбы, географияданбы, англис тилиненби – айтор, бардык предметтерден күчтүү болуп чыгышат. Өткөн экинчи выпуск бут баары жылдагы бүтүрүүчүлөр да республикабыздын жогорку окуу жайларында окуп жатышат.
Англис тилинде лицеисттердин басымдуу көпчүлүгү – 8-класстан тартып 11 класска чейин – кадимкидей эркин сүйлөшө алышат, айрым окуучулар бул тилде ыр, аңгеме жазууга да аракеттенишет. Ал эми өз эне тилинде билимкананын бардык балдар-кыздары ыр жазышат. СКАЧАТЬ