С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат. Замирбек Өсөров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу С. Сатарова: Ноокат билимканасы биринчи бойдон кала берет. Келерки миллениумга саякат - Замирбек Өсөров страница 10

СКАЧАТЬ кетпеди! Аскар Акаев, Чынара Жакыпова, Абдыганы Эркебаев, Аскар Какеев, Турар Койчуев, Америка, Европа, Турциядан келген коноктор, окумуштуулар, ал эми жергиликтүү мугалимдерди айтпай эле коелу… Ноокат билимканасы бүгүнкү күндө Кыргызстандын педагогдорунун меккесине айлангансып, күн сайын бул жерде семинар, конференция, жолугушуулар өткөрүлүүдө. Мунун бары албетте лицейдин педколлективи үчүн кошумча кыйынчылыктарды туудурбай кое албайт, ошого карабастан билим жана тажрыйба алуу үчүн келген конокторду чын жүрөктөн тосуп, аларга жардам берүүдөн аянышпайт. Болгон убакты минут сайын чектелип зарыл иштерге пландалган болгондо да, келген конокту урмат, сый менен тосууга, анын визити ал үчүн максималдуу пайдалуу болуусуна аракеттенишет. Бул дагы өзүнчө лицеисттер үчүн чоң мектепке айланууда. Мугалимдердин саны чектелген болгондуктан, конок кутуу церемонияларына окуучулар да сөссүз кошулат. Бул жагынан алганда билимкананын балдары шаардык балдарыбыздан кескин турде айырмаланып турушат. Шаардык балдар, асыресе элитардуу мектеп-лицейлерде билим алып жатышкандар таптакыр конокту тосуу, узатуу деген түшүнүктөрдөн айрылып калышкан эмеспи, дулдуюп эле турушкандан башка эч нерсеге жарабай. Алардын билими терең болгондо да, орус, англис тилдеринде сайрап сүйлөгөндү билишкенде да – мунун бардыгы анча деле баалуу эместей сезилери бышык, эгерде баланын улуттук тарбиясы жок болсо. Айыл жердеги балдарыбыз болсо, бул жагынан шаардыктардан кыйла маданияттуу болгону менен жалпы билиминин чабалдыгынан, кругозорунун тардыгынан уткарып жатышпайбы.

      Ал эми Ноокат билимканасынын балдары эки тараптын мыкты касиеттерине ээ болушуп, ал турсун билим жагынан, ошол эле англис тилди Бишкектеги спецшколалардын окуучуларынан жакшы өздөштүрүп, так илимдер жөнүндө айтпай эле коелу, ошол эле убакта баягы эле татынакай айылдык балдар бойдон калышы – мына ушул көрүнүш, туугандар, биздин доорубуздун накта феномени, залкар психологиялык төңкөрүшү десе болот.

      Ооба, бул лицейде билим алгандар 21-кылымда окуган кыргыз балдарын элестетет. Алар бизден таптакыр башка. Биз окуган 20-кылымдагы кыргыз мектептер, айрыкча алыскы тоолуу аймактардагы көпчүлүк мектептер артта калгандын, караңгылыктын, чала сабаттуулуктун символу болгон, мунун жашырыштын кереги барбы. Ошондуктан баардыгыбыз орус мектепте окууга умтулган эмес белек, чабан-колхозчулардын балдары гана кыргыз тилде билим алууга аргасыз болуп, тоолордун курчөсунан чыга алышпай. Ноокат билимкананын кыргыз улуту үчүн мааниси жана баалуулугу мына ушунда. Жарыбаган традицияларыбызды бузгандыгында, жоголгон улуттун намысын кайтарып бергендигинде. Демек, биз дагы эл экенбиз да, мындай балдарды тарбиялоого жараган болсок.

      Кадрлар баардыгын чечет деген атактуу бир саясий ишмер. Ооба, дал ошондой. Бул чындыкка бардык өнүккөн өлкөлөр эчак эле түшүнүшкөн, биздин эл да көп кыйынчылык, азаптарды кечип бул турмуштун зор чындыгына акырындык менен багынууда. Кадр маселеси ошондуктан дайыма эң орчундуу, татаал маселе болгон. Анын туура чечилиши СКАЧАТЬ