Название: Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
Автор: Guldana Murzakulo
Издательство: Elips Kitap
isbn: 978-625-6852-25-9
isbn:
Булар классификацияланганда бир группанын ичине кирген менен негизги бөлүмү жана айбанчасынын түзүлүшү, айбанча менен негизги бөлүмдүн туташкан жери, жалпы көрүнүшү, өлчөмү, чатырча системасы жана көлөмү боюнча Кыргыздар күмбөзүнөн аябай айырмаланып турушат. Мындай күмбөздөр Анадолудан сырткары Селчук доорунда Хорасан жана Дехистан аймагында жана XI-XII кылымда Орто Азияда учураган. Бул имараттарда төрт бурч, цилиндр же болбосо көп бурчтуу негизги бөлүмдүн киришине айбанча сыяктуу жайлар бириктирилип жасалган. Улуу Түрк Кагандыгына тиешелүү Пенжикенттеги күмбөздөрдүн асты жагында айбанча сыяктуу сыртка чыгып турган босоголорунун болгону кызыгуу жаратат. Чыгыш жери Орто Азия экени белгилүү болгон жана «прототип» катары көрүлгөн ошол аймактагы эң эски имарат урандыларында колдонулган бул план түрү Осмон доорунда көп жайылбаганы менен күмбөздөрдө колдонулганы белгилүү.
Мындай имараттардын бири, Кыргыздар күмбөзү менен жашташ, кириш бөлүмүндө айбанчасы болгон Бурса Мустафа Кемал Пашадагы Лала Шахин Паша күмбөзү81 десек болот. Изникте курулган, бирок азыркыга чейин сакталып калбаган Ажы Хамза мечити,82 сүрөттөрүнөн көрүнүп тургандай, айбанчасы бар кириш бөлүмү кенен, сырткы көрүнүшү да Кыргыздар күмбөзү менен байланышы бар экени далилдеген бир үлгү катары маанилүү. Кириш бөлүмү айбанчалуу 1450-жылы курулган Бурса Абдал Мехмед күмбөзү83 кийинчерээк курулганы менен имараттын негизги бөлүмүнүн чамгарактуу болушу, айбанчалуу кириши жана курулуш комплексинин окшоштуктары боюнча Кыргыздар күмбөзү менен салыштырылса боло турган күмбөздөрдөн бири. Бурса Абдал Мехмед күмбөзүнүн чамгарагы жапыз, устундары да кыска, кириштеги айбанчасы Кыргыздар күмбөзүнө салыштырмалуу аябай эле тар, жапыз жана терең эмес. Кыргыздар күмбөзүндө айбанча жандарына чыгып турат. Бул жерде болсо, андай нерсе жок. Эки күмбөздүн айбанчалуу кириши менен негизги чамгарактуу бөлүмдөрүнүн бириккен жерлери бирдей. Албетте, бул жерде Кыргыздар күмбөзүнө кийинчерээк кээ бир кошумчалардын жасалганын, дубалдары менен устундарынын бийиктетилип, мунун натыйжасында чамгарактын жапыз көрүнүп калганын да эсепке алуу СКАЧАТЬ
79
M. Sözen, “Anadolu’da Eyvan Tipi Türbeler”,
80
Sözen, a.g.e., s. 208.
81
O. Aslanapa,
82
Otto-Dorn, a.g.e., s. 180; Ayverdi, “Orhan Gazi…, s. 121-122.
83