Türkiye'de Kırgız Araştırmaları. Guldana Murzakulo
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Türkiye'de Kırgız Araştırmaları - Guldana Murzakulo страница 9

Название: Türkiye'de Kırgız Araştırmaları

Автор: Guldana Murzakulo

Издательство: Elips Kitap

Жанр:

Серия:

isbn: 978-625-6852-25-9

isbn:

СКАЧАТЬ кыпчактар китептерди өрттөшүп, аалымдарды куушуп, отурукташкан калктын үйлөрүн талап-тоношуп, кыздарын аялдыкка алышып, дарактарды кыя башташты. Эгин талааларындагы суу башаттарын ээлешип, сууну дыйкандарга акчага сата башташты»42, – деп жазат. Мусулманкул башында турган кыпчактардын орунсуз жоруктарын Н. Петровский, А.П. Хорошхин сыяктуу авторлор да тастыктап, кутум иштерди уюштургандардын башында Мусулманкулдун турганын белгилешет. А. Кун бийликке келген Шералы хан кыпчактар менен сарттардын ортосунда «оюнчук катары» кызмат кылып, эки атаандаш топтун кайсынысы жеңээрин гана күткөнүн»43 белгилейт. А. Кун Шералыны: «Орто жаштагы Шералы алсыз башкаруучу болду. Башкаруучулук тажрыйбасы, кайраттуулугу, энергиясы, эрктүүлүгү жетишпей, ал кол алдындагыларга өз амбициясын көрсөтө ала албады»,44 – деп мүнөздөйт.

Хандыктын ички турмушундагы окуяларга анализ берген авторлордун алдыңкы сабында аскер-чыгыш таануучу «Түркстан жортуулдарынын» катышуучусу А.Г. Хорошхин45 турат. Анын калемине бир канча жол очерктери таандык. Хандыктын саясий турмушун сүрөттөөдө В. Вельяминов-Зернов, А.Л. Кун, А.П. Федченко сыяктуу чыгыш таануучу, саякатчылардын көз караштарын кайталаган. А.Г. Хорошхин хандыкты башкаруу кыйын экендигин эскерип, акыркы 70-80 жыл аралыгында каза болгон, киши колдуу, буюртма өлүмгө учураган, качып кеткен хандарды тизмелейт46. Мындан сырткары автор хандыктагы салыктын түрлөрү, аскердик абалы, калктын саны тууралуу кызыктуу маалыматтарды келтирет.

Жергиликтүү тарыхый булактардын негизинде Кокон хандыгынын саясий тарыхын чагылдырган авторлордун бири чыгыш таануучу В.П. Наливкин47 болуп саналат. В.П. Наливкиндин эмгеги Кокон хандыгынын 167 жылдык тарыхын гана чагылдырбастан, Фергана өрөөнүнүн байыркы, орто, жаңы доордогу тарыхын сүрөттөөгө аракет жасаган сейрек кездешкен эмгектердин бири болуп саналат. Автордун эмгегиндеги сүрөттөлгөн башкы маселе – хандыктын негизделиши, хандардын генеологиясы, «Алтын Бешик» легендасы, «хан сарайындагы» туугандык, куда-сөөктүк мамиле, «ордо төңкөрүштөрү», кутумдар, басып алуучулук согуштар ж.б. саясий мүнөздөгү маселелер. Автор эмгегинде өзгөчө Шералы, Кудаяр хандардын доорундагы саясий окуяларга басым жасаган. Так талашуудагы ички согуштарга мүнөздөмө берген автор «Кокон хандыгынын ички саясий турмушу тынымсыз кайталанып турган «ордо төңкөрүштөрүнө», кутумдарга, көтөрүлүштөргө, чыр-чатактарга, эки топтун ортосундагы күрөшкө жык толгон»48 деген бүтүмгө келген. Белгилей кетчү жагдай, автор хандыктын социалдык-экономикалык абалына көңүл бурган эмес. Ага карабастан Кокон хандыгынын саясий тарыхын толук чагылдырууга аракет жасаган В.П. Наливкиндин эмгеги бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн илимий баалуулугун жоготкон жок.

Жыйынтыктап айтканда, революцияга чейинки Россия тарыхнаамасынын өкүлдөрү тарабынан Кокон хандыгынын саясий, социалдык-экономикалык абалын чагылдырган чакан макаладан СКАЧАТЬ

42

А. Кун, Некоторые сведения........, С.40.

43

А. Кун, Некоторые сведения..........., С.419.

44

А. Кун, Некоторые сведения........... , С.419.

45

А.Г. Хорошхин, Заметки о Коканде // ТВ. Т.23; ошол эле автор: Очерки о Коканде // Сборник статьей, касающихся до Туркестанского края. СПб., 1876; ошол эле автор: Отрывки из дневника в Кокане // Сборник статьей, касающихся до Туркестанского края. СПб., 1876; ошол эле автор: От Коканда до Ходжента // Сборник статьей, касающихся до Туркестанского края. СПб., 1876.

46

А.Г. Хорошхин, Заметки о Коканде // Туркестанский Сборник. Т.23. С.185.

47

В.П. Наливкин, Краткая история Кокандского ханства. Казань. 1886; ошол эле автор: Очерки земледелия в Наманганском уезде // Тур.вед. 1880. № 11,13,15,18,21,24,25,29; ошол эле автор: Киргизы Наманганского уезда // Тур.вед. 1881. № 20–21.

48

В.П. Наливкин, Краткая история ...., С. 161,169,172.