Адамдын Асыл ойлору. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Адамдын Асыл ойлору - Кадыр Абакиров страница 7

СКАЧАТЬ бар экен деп, кубанып калам. Кудайга тобо! Адам деген түзүүчү тура, ошол түзгөндөрүм менен көңүлүм эргип, жашоом алдыга умтулат. Кудайга тобо!

      * * *

      Таланттуу адам оң жагына – өжөрлүктү, сол жагына – эмгекти, жана жүрөгүнө кайратты жоготпой алып келатат жолочу.

      * * *

      Кечээ күнкү окуя бизден алыстап кеткен окуя, бүгүнкүбүз болуп жаткан окуя, алдыңкы күндөрүбүз боло турган окуя. Демек биз үч окуянын аралыгында жашап келе жатабыз.

      * * *

      Акылмандын сөзү улуу, анын үлгү көрсөткөн жүрүм-туруму улуу. Демек, бул турмушта бардык жакшы нерселер улуу.

      * * *

      Адамдар колу менен техниканы, китепти, жаңы ачылыштарды жаратат. Жаралган буюмдар эскирип, адамдар жаңысын жаратат. Аларды жасаган адамдар да жок болот. Бирок алардын ачылыш жасаганы жөнүндө жазылган жаңылыктары кылымдан-кылымга эскирбей оордунда кала берген болот.

      * * *

      Уруп, согууну, зордуктоону бактысыз адамдар жаратат. Алар ошол жагымсыз кылыгы менен көп пенделерди өзү сыяктуу бактысыздардын катарына кошуп жатат, же бактысыз адамдар бактысыздыкты жаратат.

      * * *

      Деңиз үстүндө пайгамбарлар кайык айдап баратса, улуу эмгекчил адамдар ага жетели деп чабак уруп баратат. Жээкте аларды эл карап турат.

      * * *

      Осуятта айтылган пайгамбарлардын болгону да чын. Жер каймактап, жаралгандан бери пайгамбарлар элди, чындыкка, бакытка үндөп келатканы дагы чын.

      * * *

      Журт самаган адилеттүүлүк болгон. Ошол адилеттүүлүктү элге жеткирген жетекчи болгон. Береги адилеттүүлүктүн шарапатына жыргап өнүгүп өскөн эл болгон.

      * * *

      Сен чындык, акыйкат тарапта экенсиң. Анда кудай өзүң жакта, кудай сен жакта болсо, жеңиш өзүң жакта.

      * * *

      Чындык -чындыкты төрөйт, жалган – жалганды төрөйт. Экөөнүн балдары аралашып кетсе да, ак – ак бойдон, кара – кара бойдон калган.

      * * *

      Жалган ушактын өмүрү жок, ал унутулат, жалган атактын келечеги жок, бул да унутулат, калптын жаны жок, анткени ал да унутулат.

      * * *

      Китебин чыгара албай бараткан акындын ыры муңдуу, жакшылыкка жетпей бараткан адамдын өңү муңдуу, баласыз өтүп бараткан тагдыр муңдуу.

      * * *

      Мына тарапка таң агарып, жарыктын шооласынын таралышы башталат. Бир аздан кийин айланага күндүн нуру себилип, тоо-талаага бадырайган күндүн элеси даана көрүнүп сапары башталат. Ушинтип ата-бабам өскөн жерде түндүн эс алуусу аяктап, күндүн жашоосу башталат.

      * * *

      Капага батчу күн болот, капа унутулуп жеңишке жетчү күн болот. Жеңиштүү эл, тынч өмүр сүрүүчү күн болот.

      * * *

      Шаардан койдун үнүн угуп айылымды элестеттим. Кой кайтарган балалыгыма жомок экем, аны да кошо элестеттим.

      * * *

      Согуш болгон жерде коркоктук тез көзгө чалдыгат. Бирок кимдир бирөө СКАЧАТЬ