Бейиш-Эненин таман алды…. Мирлан Бакытович Калдыбаев
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бейиш-Эненин таман алды… - Мирлан Бакытович Калдыбаев страница 2

СКАЧАТЬ көңүлүбүздөн чыгарбай, анын актуалдуулугун жоготпой өзүбүзгө девиз кылып, көкүрөккө бекем түйүп, дагы да көбөйтүп өркүндөтүү биздин милдет. Энелерибиз бул ааламда жайнап, нур чачып турганда аларга арналган жакшы сөздөр эч качан түгөнбөйт, айтыла берет.

      Мен өзүмдүн башымдан өткөргөн бир окуяны айтып берейин. Бир күнү апам менен жарыбаган бир маселе боюнча тартыша кетип, таарынышып калдык. Мен акылсыздык кылып, өзүмдүн жасаган ишимди туура көрүп, бир күн кечке апама таарынып, сүйлөбөй жүрө бердим. Апам да үндөбөдү. Ошентип, эртеси күндөгүдөй сабакка жөнөп кете бердим. Эртең менен апама жакшы сөз айтмак түгүл саламдашпастан чыгып кеттим. Ошол күнү «сол капталымдан жаткансып», сабагымдан да жакшылыктуу баа ала албай, курбуларым менен да кер-мур айтыша кеттим. Бул болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн баарына апамды күнөөлүү деп таап, ага нааразы болуп, сүйлөнүп кетип бара жатып кырсыкка учурадым. Бирок, Кудай сактап жараатым жеңил болду.

      Бир убакта апкаарыган, шашылган, корккон абалда апам кирип келди да мени кучактап, Кудайга миң мерте шүгүрчүлүк айтып, жалынып жатты. Анын мени аяган мээримдүү жүзүн, жашка толгон нурдуу көздөрүн көрүп, жалынып-жалбарган сөздөрүн укканда уялганымдан, жасаган ишиме ушунчалык өкүнгөнүмдөн оозума сөз келип сүйлөй албай, көзүмдөн уяттын жашы токтоосуз куюлуп жатты. Байкуш апам кайра мага: «Балам, кайсы жериң ооруп жатат? Көп оорубадыбы? Апаң сенден айлансын, садага болоюн! Укканда жүрөгүм түшүп калбадыбы… Кудайга шүгүр, аман экенсиң…» – деп кайра-кайра жалынып жатты. Ошондо апама катуу сүйлөп, нааразы кылганым үчүн кудайдан эскертүү жазасын көргөнүмдү түшүндүм. Энебиз ыраазы болбой, нааразы болгон учурда бизге жакшылык болбосун, Кудайга жакпасын, андай кылган туура эмес экенин түшүндүм. Ошондон кийин апамды нааразы кылбаска, күчүмдүн баарын анын ыраазычылыгы үчүн жумшаганга өзүмө-өзүм сөз бердим. Демек, бардык бактылуулуктар, бакыт, сүйүү, ийгилик ж.б. толгон-токой жакшылыктар эненин ыраазычылыгынан башталат тура. А бул ыраазычылыкка жетүү үчүн энеге талбай кызмат көрсөтүүбүз зарыл экендигин билдим.

      Конец ознакомительного фрагмента.

      Текст предоставлен ООО «ЛитРес».

      Прочитайте эту книгу целиком, купив полную легальную версию на ЛитРес.

      Безопасно оплатить книгу можно банковской картой Visa, MasterCard, Maestro, со счета мобильного телефона, с платежного терминала, в салоне МТС или Связной, через PayPal, WebMoney, Яндекс.Деньги, QIWI Кошелек, бонусными картами или другим удобным Вам способом.

/9j/4AAQSkZJRgABAQIAHAAcAAD/4gxYSUNDX1BST0ZJTEUAAQEAAAxITGlubwIQAABtbnRyUkdCIFhZWiAHzgACAAkABgAxAABhY3NwTVNGVAAAAABJRUMgc1JHQgAAAAAAAAAAAAAAAAAA9tYAAQAAAADTLUhQICAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAABFjcHJ0AAABUAAAADNkZXNjAAABhAAAAGx3dHB0AAAB8AAAABRia3B0AAACBAAAABRyWFlaAAACGAAAABRnWFlaAAACLAAAABRiWFlaAAACQAAAABRkbW5kAAACVAAAAHBkbWRkAAACxAAAAIh2dWVkAAADTAAAAIZ2aWV3AAAD1AAAACRsdW1pAAAD+AAAABRtZWFzAAAEDAAAACR0ZWNoAAAEMAAAAAxyVFJDAAAEPAAACAxnVFJDAAAEPAAACAxiVFJDAAAEPAAACAx0ZXh0AAAAAENvcHlyaWdodCAoYykgMTk5OCBIZXdsZXR0LVBhY2thcmQgQ29tcGFueQAAZGVzYwAAAAAAAAASc1JHQiBJRUM2MTk2Ni0yLjEAAAAAAAAAAAAAABJzUkdCIElFQzYxOTY2LTIuMQAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAWFlaIAAAAAAAAPNRAAEAAAABFsxYWVogAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAFhZWiAAAAAAAABvogAAOPUAAAOQWFlaIAAAAAAAAGKZAAC3hQAAGNpYWVogAAAAAAAAJKAAAA+EAAC2z2Rlc2MAAAAAAAAAFklFQyBodHRwOi8vd3d3LmllYy5jaAAAAAAAAAAAAAAAFklFQyBodHRwOi8vd3d3LmllYy5jaAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAABkZXNjAAAAAAAAAC5JRUMgNjE5NjYtMi4xIERlZmF1bHQgUkdCIGNvbG91ciBzcGFjZSAtIHNSR0IAAAAAAAAAAAAAAC5JRUMgNjE5NjYtMi4xIERlZmF1bHQgUkdCIGNvbG91ciBzcGFjZSAtIHNSR0IAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAZGVzYwAAAAAAAAAsUmVmZXJlbmNlIFZpZXdpbmcgQ29uZGl0aW9uIGluIElFQzYxOTY2LTIuMQAAAAAAAAAAAAAALFJlZmVyZW5jZSBWaWV3aW5nIENvbmRpdGlvbiBpbiBJRUM2MTk2Ni0yLjEAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAAHZpZXcAAAAAABOk/gAUXy4AEM8 СКАЧАТЬ