Название: Türkiye'de Kırgız Araştırmaları
Автор: Guldana Murzakulo
Издательство: Elips Kitap
isbn: 978-625-6852-25-9
isbn:
Алгы сѳз
Кыргыз эли менен азыркы Түркиянын негизги элин түзгөн түрк тектүү элдер X кылымдын тегерегинде бири-биринен бөлүнүп калган. XX кылымга чейин, Түркияда кыргыз эли менен байланыштуу маалымат жокко эсе болсо да, тарыхиймаданий-диний байланыштар болбой койбогонун эске алышыбыз керек. Мисалы, Изник шаарындагы XIII кылымга таандык «Кыргыздар күмбөзүн» буга эң жакшы үлгү катары айта алабыз. Ошондой эле Шабдан Баатырдын ажылык сапарында Стамбулга барып, падыша Абдулхамит менен кездешкени да тарых барактарында калып, изилдене турган окуялардын бири. Бирок баары бир ушундай маселелердин кеңири түрдө изилденбегенинен улам, биз ушул теманы 1990-жылдарга чейин жана 1990-жылдардан кийин деп бөлүп изилдесек туура болчудай.
Түркияда жүргүзүлгөн библиографиялык изилдөөлөргө таянып айта турган болсок, темасы «кыргыз» болуп жарык көргөн алгачкы илимий макала Абдүлкадир Инан тарабынан 1910- жылы «Кыргыз талаасынан» деген аталышта даярдалган. Бирок ошол жылдарда Орто Азия аймагы кыргыз, казак, өзбек ж.б. деп бөлүнбөй, Түркистан деп жалпы аталганын эске алышыбыз керек.
Али Рыза Сейфиоглунун 1922-1925-жылдарда «Түрк Йурду Дергисинин» (журнал) 11-15-сандарында кыргыздар менен байланыштуу беш макаласы катары менен жарык көргөн. Автор макалаларында кыргыздар тууралуу маанилүү маалыматтарды берген. Анын макалалары биринчи жолу кыргыздарды аралап жазылганы менен айырмаланган.
Бирок адабият жаатындагы байланыштар жана көркөм китептердин которулушу үчүн XX кылымдын 45-жылдарына чейин күтүүгө туура келген. Түркияда жарык көргөн кыргыз адабиятынын үлгүлөрүн изилдеп, библиографиялардан жана басмаканалардын тизмелеринен карасак, XX кылымдын 90-жылдарына чейин кыргыз тилинен түрк тилине котормолор авторлордун саны жагынан караганда өтө аз болгон. К.К.
Юдахин менен Х. Карасаев даярдаган Кыргызча-Түркчө сөздүк 1945-жылы жарык көргөн. Бирок ошол сөздүктүн орусчадан которулганын эске алышыбыз керек. Бул жагы канчалык өкүнүчтүү болсо да, ошол доордун саясатынан улам себебин түшүнсө болот. Ошол жылдардагы көркөм адабий китептерден эң көп котормо Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан экендиги баарыбызга маалым болсо керек. Бирок анын чыгармалары да тилекке каршы орус тилинен которулган. Ошондой болсо дагы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 1969-жылдан азыркыга чейин бир канча басмакана тарабынан көп жолу басылганы менен айырмаланат. Айтматовдун китептери ошол эле учурда түрк тилине эң көп которулган чыгармалар болуу менен да айырмаланат. Мындан сырткары жазуучунун баардык чыгармалары түрк тилине которулган эмес. 1990-жылга чейин «Манас» эпосу менен байланыштуу котормолорду да үзүндү катары жана орус тилинен алынган түрдө жолуктурабыз.
Кыргызстан 1991-жылы эркин мамлекет болгондон кийин, эки мамлекеттин ортосунда адабий байланыш чыңалып, котормо ишине басым жасала баштаган. Ошондуктан ушул макалада 1990-жылдан кийин кыргыз тилинен түрк тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көргөн роман, аңгеме, ыр, жомок жана сөздүк түрүндөгү чыгармалар менен кыргыз адабияты жөнүндөгү китептер тууралуу сөз болмокчу.
1. Кыргыз тилинен түрк тилине которулган көркөм чыгармалар
1.1. Tanrı Dağından Sesler (Теңир тоодон үндөр) – Самет Азап.
Кыргыз адабиятынын Чыңгыз Айтматовдон бөлөк өкүлдөрүнүн чыгармаларын түркиялык окурмандарга жеткизүүгө СКАЧАТЬ