Бабалардын Урпагы. 3 китеп. Кадыр Абакиров
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Бабалардын Урпагы. 3 китеп - Кадыр Абакиров страница 4

СКАЧАТЬ анын тагдыры ошол жактан чечилет. Бул эң эле жооптуу суроо. Мен кээ бир адамдар менен аңгемелештим алар айтты: « Бизди өтө аз жазыпсың, көп жазышың керек эле, тигил шоңколорду мактай берипсиң, андай болбойт. Бүтөбайларды макташың керек болчу, баланчаны эң эле аз жазыпсың, эмне үчүн китебиңди мага бербейсиң?» Жана башка ушундай ойлор көп айтылды. Шоңко, уралы туугандарыбыз деле биздей адамдар, аларды деле мен көп мактаганым жок. Болгонун эле жаздым. Эми бүт баардык адамдарды мен кантип жазып чыгам, анда китеп болбой калган жатпайбы. Андай болушу мүмкүн эмес, балким кээ бир омоктуу адамдар жазылбай калгандыр аларды кошсок болот. Мен айылдаштарымы Акаев менен Бакиевдин азаптуу учурунда жаздым. Ал учурда адамдар айлы жөнүндө ыр жазуу эмес ачкалыктан курсагымы кантип тойгузуп тирүү калам деген абалда болчу. А мен ошол ачкалыкта ун жок, нан жок кезеңде кубануу менен жердештеримди ырга сала бердим. Биз ал кезде жарыбаган кичинекей маяна үчүн арак, ун, шекер, чай алып калганбыз мындай азаптуу абал бир канча жылдарга созулду. Ал кезде заман оңолбой эле оңкосунан кеткен учур болду. Акыры экөөн өлкөдөн кууп чыгып, эми кичине заман оң жолго түшүп келатат. Ал кезде каражат жок айылга да баруу мен үчүн тозокко турду. Мындай кезде адам-адамды, тууган-тууганды карабай, байлыгы бар кишилерди айланчыктоо башынан эле келе жаткан көрүнүш эмеспи. Анан мен кантип ар бир кишиге китепти таратып берем. Дагы ошончо убактымы коротуп, машинкага басып бергениме ыраазы болсун. Ал китепти алган кишилерден же, окуган адамдардан деле эч бир кымындай жакшы сөз уккан жокмун. Бирөө дагы ырахмат айткан жок, кайра текеберсинет.

      Ар бир адам өзүнчө тарых, санжыра ошол үчүн колдон келишинче анча-мынча болсо да ошолордун образын берип, келечекке сактап калайын жердештерими ырга салайын деген эле ой.

      Убакыт өтөт замандар жылып, адамдар картайып жок болот. Ошондо кийинки муун окуса деген эле ой турат. Мисалы биз мурунку адамдар жөнүндө эч нерсе билбейбиз, баарын унуттук, анан биз дагы ошондой болуп унутулуп калалыбы. Менин балалык күнүмдө элесиме сонун адамдар эске келет. Аларды биз таппай калдык, бир жашап өттү, бүттү кетти… Кимдин ким болгону бизге белгисиз. Андай болбойт го. Чыгармада баардык адамдарды чылгый мактай берүү жарабаган иш, ага эч бир адам ишенбейт. Ар бир чыгармада тарбиялык маани болуш керек, кийинки муун мурунку муундун жаңылыштыгын кайталабай жакшы адам болуш керек, ошол керек болуп жатпайбы. Мен чыгармада эч бир адамды жамандайын деген оюм болбоду, анын мага кереги да жок, болгону ирония, күлкү үчүн кичинеден чымчып өттүм. Ал эми кемчиликти айткан аты жок ырлар бар алар жалпыбызга сабак болот, ошол үчүн ошол кемчиликти кайталабай жакшы адам болушубуз керек болуп жатпайбы.

      Ошондой эле китептин аяккы бетинде Беккулу атанын үч уулунун тукумдары жазылган тизме толугу менен киргизилди. Анда кемчиликтер бар кыргызда көч бара-бара түзөлөт деген асыл сөз бар эмеспи. Балким кээ бир адамдар тизмеге кирбей калган же туура эмес жазылган. Ошондой СКАЧАТЬ