Кетменчиден элчиликке чейин. Улукбек Чиналиев
Чтение книги онлайн.

Читать онлайн книгу Кетменчиден элчиликке чейин - Улукбек Чиналиев страница 5

СКАЧАТЬ жолуккан карыя апабыздын ата-энесинин кулакка тартылган трагедиялуу мезгили тууралуу сөз кылып берет.

      Кызыгың түшкүр, бир туугандар “эл душманы” саналып, жылдар бою совет бийлигинен жашырынып жүрүшүп, убагы келгенде баатырларча курман болушкан эле да. Ата-энемди жана алардын жакындарын эскерүү ошол шум мезгилге, ошондогу белгисиздикке жоголгондорго кайра да кайрылууга мажбур кылды. Уулум Владимир жана жээндерим Алексей менен Рыскулбек аларды жоктон бар кылды. Дайынсыз жоголду делген Николайдын аскердик тагдырын документалдык түрдө калыбына келтириш үчүн, алар чоң күч жумшашты. Балдарыбыздын өжөрлүк менен жүргүзгөн эмгегинин натыйжасында алардын бабасы Бикеев Чыналынын тагдырынын азыноолак саптары да ордуна келди. Ал 1930-жылы камакка алынып, кийин кайра акталган.

      Ата-энебиз бири-бирин кадырлап, ынтымакта кырк алты жыл жашашты. Беш уул өстүрүштү. Баарыбызга эң сонун билим беришти. Адамдын капиталы – канжыгасындагы били-ми деген бекем ынанымды атабыз өз атасынан мурастап алган экен. Балдардын билимине каражат жумшоодо тийиштүү пайданы да, чыгымды да таразалап, туура иш кылып аткандыгын көргөнү атамдын көздөгөнүнө ишенимдүү ка-дам таштоосуна жардам берчү. Болгондо да жогорку эл ара-лык стандарттагы билимге. Ошондуктан балдарынын кадырбарктуу жана сөзсүз түрдө техникалык жогорку окуу жайлардан билим алышы анын жашоосунун маңызы болгон.

      Кыркынчы жылдардын башы. Атам Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун эки колхозунун башкы бухгалтери. Улуу Ата мекендик согуш учурунда башкалардай эле аны да фронтко жиберүүгө чакырышкан. Бирок брон боюнча мурдагы ордуна кайра жиберишкен. Фронтту жана тылды баккан да бирөө керек болгон экен. Бирок айыл чарба артелинде башкы адис болуп көпкө иштетишпеди. Эл душман-дарын таап чыгуу деген долу ээнбаштыктын капшабына атам да кабылган. Агрономдук билими болбосо да, дыйкандардын тажрыйбасынан, адабияттардан күздүк айдоонун артыкчылыктарын билчү экен. Жылуу жана нымдуу күздө колхозчулар сугарылчу айдоонун кеңири тилкесине үрөн сээп коюуга кам урушат. Себилген үрөндөн бекем, жыш өсүмдөр чыга келет. Алгачкы кар жааган кезде, жашыл өсүм 10–15 см көтөрүлүп калган эле. Кийин айылдыктар алган буудайдын түшүмү коюлган план боюнча фронтко жөнөткөнгө да, колхозчулардын нанына да жеткидей болот.

      Бирок же ою жамандардын жеткирген бузук сөздөрүнөнбү, же райондук Ички иштер боюнча элдик комиссариат-тын (НКВД) жетекчилери кабардар болбогондонбу, кышында атамды зыян келтирди деп күнөөлөшөт. Ушул жерден баары үстөккө-босток алмашат. Тиешелүү органдардын сак кызматкерлери атамдын бай-манаптын тукуму экенин, медреседе окугандыгын, молдо кезиндеги агартуу ишмердигин, атасы Бикеев Чыналынын репрессияланганын – баарын эс-тешет.

      Тергөө изоляторунда отурганын эстегиси келчү эмес, анткен менен ал тууралуу унута да алган жок. Ойдогудай көрсөтмө алыш үчүн мыкаачылык менен кыйноолор болгон. Бутка абыдан катуу урушкандыктан, тактары өмүр бою кеткен жок. Карцердеги өтө чебер мыкаачылык менен ойлоп табылган кыйноо мындай болгон эле: атама уйку беришпей, башына суу тамчылатып коюшкан. Адатта СКАЧАТЬ